Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-августу № 30-3
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Т. Шонкоевдин 2016-жылдын 18-июлундагы чыгыш №750 сандуу кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Шонкоевдин 2016-жылдын 18-июлундагы чыгыш №750 сандуу кайрылуусу боюнча айыл өкмөттүн башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өзгчө кырдаалдар министрлигинин Ат-Башы райондук бөлүмүн= ведомстволук турак жай куруу үчүн Ат-Башы айылындагы «Улан» жащы конушунан 700 чарчы метр жер тилкеси Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К.Айдыралиев
|