Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу №25
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXXXII кезексиз сессиясында каралган экинчи маселе: Ак-Жар айылынын тургуну Жусупов Батырбектин Бошкой-Булак участкасындагы эски жер тамдын ордуна мал багуу үчүн там, короо-жай салууга уруксаат уруксаат берүүнү сурап жазган арызын кароо жөнүндөгү маселени угуу жана талкуулоо жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXXXII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылынын тургуну Жусупов Батырбектин Бошкой-Булак участкасындагы эски жер тамдын ордуна мал багуу үчүн там короо-жай салууга уруксаат берилсин
2. КРнын жер кодексине ылайык жер аянтынын бөлүп берүү жана тиешелүү документтер менен камсыз кылуу жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешке милдеттендирилсин
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кабылов |