Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 27
Ак-Жар айыл аймагы боюнча 2016-жылга бюджеттен тышкары жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан түшкөн акча каражаттын бюджетин бекитүү, Ак-Жар айылындагы «Сезим» бала бакчасына кошумчаплан карап берүү жана 2016-жылга карата бекиген бюджетинен үнөм болгон жана пайдаланылбай калган акча каражаттарын жетишсиз болгон максаттарга жумшоо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХХХII кезексиз сессиясындаАк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2016-жылга каралган бюджеттен тышкары жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан түшкөн 89100 сом жана 2016-жылга каралган бюджеттен үнөм болгон жана пайдаланылбай калган акча каражатты башка максаттарга пайдалануу боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловдун кайрылуусун жана «Сезим» бала бакчасынын башчысы Ы. Жетигенованын бала бакчага 150000 сом кошумча план бекитип берүү тууралуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХХХII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2016-жылга каралган бюджеттен тышкары жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан түшкөн 89100 сом акча каражаты, айыл өкмөтүнүн бюджетинен электр энергияга үчүн каралган 882000 миң сомдун 600,0 миң сом акча каражаты, генплан чийдиртүү үчүн деп каралган 200000 миң сом жана спорт зал куруу үчүн каралган 400000 миң сом жалпы 1 289 100 сом акча каражаты төмөндөгү максаттарга жумшалсын.
400000 миң сом жайыт комитетине техника алуу үчүн өздүк салымга
15000 миң сом Ак-Жар айылындагы мечиттин документтерин бүткөрүүгө
85000 миң мектептин ремонт иштерине
100.0 миң сом айыл өкмөтүнө тиешелүү «МАЗ» автоунаасына унаа тетиктерин алуу үчүн.
380700 сом акча каражаты Ак-Жар айылындагы мүрзөнүн айланасын толук бүтүрүү үчүн жумшалсын.
46400 сом акча каражаты соттун чечимине ылайык доогерге которулуп берилсин.
30000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерине жумшалсын.
33000 сом акча каражаты курулуш шайманын алууга (леса) алууга жумшалсын.
2000 сом акча каражаты интернет байланыш кызматына
40000 сом акча каражаты Айылыбызда күзгү майрамдарды өткөзүүгө жумшалсын.
72000 сом акча каражаты Клубдун көчө жак сырткы бетинин ремонт иштерине жумшалсын.
85000 сом акча каражаты Айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына 1С бухгалтердик программасын орнотууга жана ал программаны 1 жыл коштоо кызматы үчүн жумшалсын.
«Сезим» бала бакчасынын башчысы Ы. Жетигенованын кайрылуусуна ылайык райондук финансы бөлүмүнөн бала-бакчага 150 000 сом кошумча план сурап алуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин милдетин убактылуу аткаруучу Т. Аттокуровго милдеттендирилсин.
Бул токтомдун бекитилген бюджеттерге ылайык ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго тапшырылсын
Төрага | А.Кабылов |