Сравнение редакций…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылынын 27-январы №6
Ноокат шаар мэриясы аймагында тамарка салыгынын зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 74-75-76-беренесинин жана тийиштүү укуктук-ченемдик актыларынын негизинде Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы юридикалык, жеке ишкердик, жеке ишкердик жүргүзгөн тараптар жана кожолуктардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндөгү сунушун карап чыгып жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы ишкердик жүргүзгөн тараптарга 1м квадрат аянтына 10 сом өлчөмүндө жыйымдын ставкасы бекитилсин.
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы жеке жактардан алынуучу таштанды жыйымы ар бир жан башына 50 (элүү) сом өлчөмүндө (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексине ылайык) бекитилсин.
3.Таштанды жыйымын жыйноону 2023-жылдын 1-апрелине чейин аяктоо Ноокат шаар мэриясына тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылынын 27-январы №6
Ноокат шаар мэриясы аймагында тамарка салыгынын зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө.
(Ноокат шаардык кенешинин 2023-жылдын 27-мартындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 74-75-76-беренесинин жана тийиштүү укуктук-ченемдик актыларынын негизинде Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы юридикалык, жеке ишкердик, жеке ишкердик жүргүзгөн тараптар жана кожолуктардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндөгү сунушун карап чыгып жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы ишкердик жүргүзгөн тараптарга 1м квадрат аянтына 10 сом өлчөмүндө жыйымдын ставкасы бекитилсин.
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы юридикалык жана муниципалдык ишканаларда иштөөчүлөрдүн санына карата алынуучу таштанды жыйымы 100 (жүз) сом өлчөмүндө (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексине ылайык) эсептелсин.