Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 29-ноябры ПЖ № 325
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым маселелери жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- II бөлүмдүн 4-главасынын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 29-ноябры ПЖ № 325
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу жана кадрдык потенциалды чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык токтом кылам: