Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 28-декабры № 267-б
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү тартибти бекитүү тууралуу
(КР Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 1-М буйругуна ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык, аткаруу бийлигин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, буйрук кылам:
1. Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү Тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыялансын.
3. Расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйруктун көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө тейлөөчү Министрдин орун басары А.К.Имангазиевге жүктөлсүн.
Министр | Ж.М. Кулубаев |
Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлигинин
2023-жылдын «28» декабрындагы № 267-б
буйругу менен бекитилди
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү
ТАРТИБИ
(КР Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 1-М буйругуна ылайык)
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү ушул тартиби (мындан ары – Тартип) чет мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке коюу жана консулдук эсептен чыгаруу маселелерин жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Консулдук эсеп" АМС) Кыргыз Республикасынын жарандарын (мындан ары – жарандар) консулдук эсепке каттоо жана консулдук эсептен чыгаруу процесстерин автоматташтырууну камсыздаган маалыматтык системасы.
2) "Даректик - маалымдама бюро" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "ДМБ" АМС) - жашаган жери жана жүргөн жери боюнча жарандарды каттоо эсебине алуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн камсыздаган, каттоо эсебине алуу органдары тарабынан түзүлгөн системасы.
3) "Талап кылуу" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – "Талап кылуу АМС) - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин маалымкатын берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан берилген документтерди талап кылуу жана/же аныктыгын тастыктоо жөнүндө маалыматты сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн багытталган маалыматтык системасы;
2. Консулдук эсеп жарандардын натыйжалуу консулдук тейлөөнү уюштуруу, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, анын ичинде шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Жарандарды чет мамлекетте консулдук эсепке каттоочу ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери) болуп саналат.
4. Жарандарды консулдук эсептен чыгарууга ыйгарым укуктуу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери;
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (мындан ары – КР ТИМ Консулдук департаменти);
3) Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан жарандарды каттоо эсебинен чыгарууну ишке ашыруучу жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы саналат.
6. Эгерде болуучуу мамлекетте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемеси жок болсо, консулдук каттоого Кыргыз Республикасынын консулдук округуна арыз ээсинин жашаган мамлекети кирген чет өлкөлүк мекемесинде жүргүзүлөт.
7. Жарандарды консулдук эсепке каттоо жана консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде төлөм албастан "Консулдук эсеп " АМС колдонуу аркылуу жүргүзүлөт.
8. Консулдук эсепке каттоо жана консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө арыз бергенде жарандар Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук берет.
9. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери төмөнкү жарандардын консулдук эсебин жүргүзөт:
- тиешелүү консулдук округдун аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төрөлгөн жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон жашы жете элек балдарды, ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынган.
91. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерели Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана чет элдик жарандар асырап алган балдарды консулдук эсепке каттоону жүзөгө ашырат.
“Консулдук эсеп” АМС мындай балдар жөнүндө маалыматтарды алуу чектелүүгө жана функционалдык милдеттерине балдардын ушул категорияларын эсепке алуу кирген консулдук кызмат адамына гана берилүүгө тийиш.
Чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынган Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды консулдук эсепке алууда консулдук кызмат адамы тарабынан “Консулдук эсеп” АМС толтурууда асырап алуучулардын төмөнкү документтери талап кылынат:
1) асырап алынган баланы консулдук эсепке тургузуу жөнүндө арызга баланын 2 фотосүрөтүн тиркөө менен;
2) асырап алуу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
3) баланын асырап алынгандыгын аныктоо жөнүндө сот чечиминин көчүрмөсүн;
4) баланы жана асырап алуучуларды күбөлөгөн документтердин көчүрмөлөрүн.
Асырап алынган баланы консулдук эсепке тургузуу жөнүндө арыздын негизинде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), туулган датасы жана жери;
- жарандыгы;
- иштеген жери жана кызматы жөнүндө (иштегендер үчүн), же болбосо иш чөйрөсү жөнүндө маалыматтар;
- келген өлкөдөгү туруктуу же убактылуу жашаган дареги;
- байланыш маалыматтары: мобилдик, үй жана жумуш телефондорунун номерлери, электрондук почтанын дареги;
- колдонуудагы документтердин маалыматтары, өздүгүн тастыктоочу (номери, берилген күнү, жарактуулук мөөнөтү, документти берген орган);
- байланыш үчүн кошумча адамдын маалыматтары (фамилиясы, аты, байланыш телефону, электрондук почтасынын дареги, тууганчылык даражасы же асырап алуучулар менен башка байланыш).