Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 353 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондору өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн (мындан ары - атайын өкүл) кызмат орду Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерин эл аралык жана улуттук деңгээлде илгерилетүү, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" № A/RES/77/172 резолюциясынын жоболорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында уюштурулат.
Атайын өкүл Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун Жол картасын жана Глобалдык планын ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялоону камсыз кылат, ошондой эле тоолуу райондорду өнүктүрүү маселелери боюнча эл аралык ишке мониторинг жүргүзөт, өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча глобалдык иш-аракеттердин контекстинде иш жүргүзөт жана өз ара аракеттенет.
2. Атайын өкүлдүн кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орду болуп саналат.
3. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
4. Атайын өкүл түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине отчет берет.
5. Атайын өкүлдүн өзүнүн энчилүү бланкы болот.
6. Атайын өкүл өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 353 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн (мындан ары - атайын өкүл) кызмат орду Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерин эл аралык жана улуттук деңгээлде илгерилетүү, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" № A/RES/77/172 резолюциясынын жоболорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында уюштурулат.