Загрузка документа…
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 291 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Cтандарттары
I-Бөлүм. Билим берүү тармагында
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кесиптик окутууга, кайра окууга, квалификацияны жогорулатууга жолдомо берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 109-пункт |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылган жумушсуз жана жумуш издеген жаран катары иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик органдарында катталган Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"; - 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Окутууга жолдомону жазуу жүзүндө берүү. Эмгек китепчесине жазуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, күтүү үчүн орундар, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган жайларда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеринде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Кайрылуу ээсинен документтерди кабыл алуу: 30 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн узактыгы: 10 күнгө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү: 30 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат 1 жылдын ичинде 1 жолудан ашык көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык органдарга жеке кайрылуу аркылуу; - аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - жарандарды жеке кабыл алуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - zanyatost.kg порталы; - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы; - аймактык органдардагы буклеттер жана брошюралар, маалымат такталары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын маалымат такталарында, сайтында жана zanyatost.kg порталында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар илинет. Жарандарды кабыл алган аймактык органдардын кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга адептүү мамиле кылууну, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыстыкты камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл системасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта); - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген жашай туруу укугу; - качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү; - кайрылмандын расмий статусу бар адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү; - эмгек китепчеси; - кесиптик квалификацияны тастыктаган документтер. Биринчи жолу жумуш издеген (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо жашаган жери боюнча же аймактык органдын жайгашкан жери боюнча паспорту жана билими жөнүндө документти көрсөтүү менен жумушсуздун жеке кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (кайрылуу ээсинин) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта берилет. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн кайрылуу ээсинде квалификациялуу электрондук кол тамга болгон учурда жеке кабинет аркылуу portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүү зарыл. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кайрылуу ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлгөн параметрлерге шайкеш келбегенде; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн бир жылдын ичинде бир жолудан ашык кайрылганда; эгерде кайрылуу ээси "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык "Иш менен камсыз болгондор" категориясына кирсе |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда керектөөчү эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жооп алуу мөөнөтү ал катталган учурдан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кайрылуу ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |