Документке
Мурунку13.12.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 13-декабры ПТ № 242

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын жаранын руханий өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун узак мөөнөттүү идеологиялык стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топ 2024-жылдын 1-сентябрына чейин:

- Кыргыз Республикасынын жаранын руханий өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун улуттук стратегиясынын долбоорун иштеп чыксын;

- улуттук стратегиянын долбоорун коомдук талкууга чыгарсын.

3. Жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:

- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин өзүнүн ишине тартууга;

- коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.

4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров

Жаңы28.02.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 13-декабры ПТ № 242

 

(КР Президентинин 2024-жылдын 28-февралындагы ПТ № 35 тескемесинин редакциясына ылайык)