Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 487 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 245 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык комитет жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык комитеттин (мындан ары - Координациялык комитет) ишинин тартибин аныктайт.
2. Координациялык комитет өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык комитет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан координациялануучу, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар тараптар үчүн сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыз кылуучу консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
2-глава. Координациялык комитеттин максаты жана милдеттери
4. Координациялык комитеттин негизги максаты Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жакшыртуу боюнча жеке сектор жана башка кызыкдар тараптар менен маалымат алмашуу үчүн натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмин жана платформаны түзүү болуп саналат.
5. Координациялык комитет ишинин максаттуу багыттарына ылайык төмөнкүдөй милдеттерди аткарууну камсыз кылат:
1) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү маселелери боюнча жалпы координациялоону камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу негизделген чараларды макулдашуу жана аныктоо;
3) жеке сектордун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн активдүү катышуусу менен жашыл долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн аларды кароо маселелерин координациялоо;
4) жашыл бизнести колдоо жана өнүктүрүү үчүн банк секторуна жашыл жана климаттык каржылоону тартуу боюнча биргелешкен демилгелерди координациялоо;
5) "Кыргыз Республикасында жашыл экономика күндөрү" ар жылдык демилгени даярдоо жана өткөрүү процессин координациялоо.
3-глава. Координациялык комитеттин функциялары
6. Координациялык комитеттин негизги функциялары:
1) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн программалык документтеринде аныкталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, бизнес-коомдоштукту, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана башка кызыкдар тараптарды координациялоону жана алардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
2) жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча чараларды, анын ичинде жашыл экономиканын моделинин (системалуу динамиканын модели) негизинде иштелип чыккан чараларды кароо жана талкуулоо;
3) жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча демилгелерди кароо;
4) жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды кароо;
5) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди макулдашуу;
6) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө кызыкдар тараптар менен кызматташуу стратегиясын аныктоо;
7) жеке сектордун катышуусу менен жашыл долбоорлорду кароо жана макулдашуу жана аларды илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
8) "Кыргыз Республикасында жашыл экономика күндөрү" ар жылдык демилгени даярдоо жана өткөрүү процессин координациялоону камсыз кылуу.
7. Координациялык комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан жашыл экономиканы өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу боюнча зарыл болгон документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу боюнча Координациялык комитеттин мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү, бизнес-ассоциациялардын жана уюмдардын өкүлдөрүн угууга;
3) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү саясатын ишке ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана аларды мамлекеттик органдарга жана башка кызыкдар тараптарга киргизүүгө;
4) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча Координациялык комитеттин чечимдерин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын аткаруусуна сунуштоого;
5) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомдоштуктун, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди Координациялык комитеттин жыйналыштарына чакырууга жана сунуштарын угууга;
6) Координациялык комитеттин компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн ведомстволор аралык эксперттик топторду түзүүгө, министрликтердин жана ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык жана эксперттик коомдордун, бизнес-коомдоштуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга.