Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин кезексиз (VII- шайланган) XXV -сессиясы
2023-жылдын 24-ноябрындагы №146
“Мады айыл өкмөтүнүн аймагынан индустриалдык логистикалык борборго жер тилкесин ажыратуу жөнүндөгү 2017-жылдын 4-октябрында № 8/33 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун (трансформациялоонун) которуунун тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин № 13 – беренесинин негиз кылып Мады айыл өкмөтүнүн аймагында ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында айыл өкмөтүнүн Өжөр участкасынын аймагынан индустриалдык логистикалык борбор куруу үчүн 146,02 га жер аянтын ажыратуу жөнүндө 2017-жылдын 4-октябрында № 8/33 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү, Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековдун билдирүүсүн жана Кара-Суу районун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 31-январында № 27-б “ Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан 2023-жылдын 21-ноябрындагы оң корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн аймагынан индустриалдык логистикалык борборго жер тилкесин ажыратуу жөнүндөгү 2017-жылдын 4-октябрындагы № 8/33 сандуу токтомунун 1-пункту өзгөртүлүп, төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“1.Мады айылдык аймагындагы Социализм айылынын Өжөручасткасындагы №1041 – 5,49 га, №1033 – 2,92 га, №1035 -20,31 га контурларындагы жалпысы болуп 28,72 га кайрак айдоо, №1097 – 10,30 га, №1107 – 0,82 га, №1083 – 39,28 га, №1086 – 23,89 га, №1 – 18,70 га, №6 – 2,20 га, №7 - 10,80 га, №10 - 7,40 га, №11 – 3,41 га контурларындагы жалпысы болуп 116, 80 га сугат айдоо, №3 - 0,20 га, №8 -0,30 контурларындагы жалпысы болуп 0,50 га айдоо там арка (огород)жалпы 146,02 га жер аянттын эркин индустриалдык аймак куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, энергетика байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Каримовко жүктөлсүн.
Мады айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Б.А.Мадазимов |