Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 22-декабры № 211

2022-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2022-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 22-ноябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган