Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылдын 22-декабры № 3-Д буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди жиктөөнүн жана эсепке алуунун тартиби
1. Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди жиктөө жана эсепке алуу ушул тартиби экстремалдык климаттык кубулуштардан жана аба ырайынын өзгөрүүсүнөн келип чыккан коркунучтардын жана тобокелдиктердин болушуна баа берүүнүн укуктук уюштуруучулук ченемдерин аныктайт, ошондой эле Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын ишинин жүрүшүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2. Жай өнүгүп келе жаткан коркунучтардын жана тобокелдиктердин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
– абанын температурасынын жогорулашы (жылдык орточо);
– кыртыштын шорлонуусу;
– жердин жана токойдун деградациясы;
– чөлгө айлануу;
– биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу;
– мөңгүлөрдүн чегинүүсү жана ага байланыштуу коркунучтар жана тобокелдиктер.
3. Шарттары жана критерийлери боюнча алардын көрүнүштөрү бөлүнөт:
– коркунуч;
– тобокелдик.
Жай өнүгүп келе жаткан коркунучтар жана тобокелдиктер боюнча зыян келтирүүчү фактордун көрүнүшүнүн мүнөздөмөлөрү, алардын көрүнүштөрү жана таасирлери ушул Тартиптин тиркемесинде келтирилген.
Тиркеме
Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди жиктөөнүн жана эсепке алуунун тартиби
№ | Жай өнүгүп келе жаткан коркунучтардын жана кооптуулуктардын түрлөрү | Зыян берүүчү фактордун көрүнүшүнүн мүнөздөмөсү
| Шарттары жана критерийлери |
Таасири | |
коркунучтар | кооптуулуктар | ||||
1 | Абанын (орточо жылдык) температурасынын жогорулашы | Кыртыш менен абанын жылуулук, аэродинамикалык ысып кетиши. Адамдарга медициналык, биологиялык жана биоклиматтык параметрлер боюнча;транспортко, электр энергиясына, айыл чарбасына, биоартүрдүүлүккө тийгизген таасири. | Жылдык орточо температурасы 1°С дан 2°С га чейин. Суткалык температура 30-35°С га чейин. Аймактын нымдуулугу орточо болгон кезде, % менен. | Жылдык орточо температура 3 °C жана андан жогору. Суткалык температура 35°С дан жогору. Аймактын нымдуулугу орточо болгон кезде, % менен. | Ысык өтүү белгилерин сезген же каза болгон адамдардын санынын көбөйүшү. Транспорт, тез жардам кызматтарына басымдын күчөшү, айыл чарба мейкиндигинин, оорулардын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу.
|
2 | Кыртыштын шорлонуусу | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө тоскоол болгон, көп өлчөмдөгү эрүүчү туздарды камтыган щелочтуу эмес топурак.
| Электр өткөрүмдүүлүгү 5,1 ден 15,0 dS/m чейин; уулуу туздардын өлчөмү 0,3 төн 0,6% га чейин; жер астындагы суулардын деңгээли 1,5 м. ден 3 м. ге чейин; 50% түшүмдүүлүктү жоготуу. | Электр өткөрүмдүүлүгү 8,6 дан 24,0 dS/m чейин; уулуу туздардын өлчөмү 0,3 төн 0.6% га чейин; жер астындагы суулардын деңгээли 1,5 м. ге чейин; 100% түшүмдүүлүктү жоготуу. | Сугат суунун орточо жылдык минералдашуусун жогорулатуу, түшүмдүүлүктү жана жерди жоготуу.
|
3 | Жердин жана токойдун деградациясы | Кыртыштын функцияларынын өзгөрүшүнө, анын касиеттеринин начарлашына, асылдуулугунун жана биологиялык ар түрдүүлүгүнүн акырындык менен жоголушуна алып келүүчү жараяндардын жыйындысы | Жер жана токой аянтын 20% дан 30% га чейин жоготуу.
| 30% дан ашык жер жана токой аянтын жоготуу.
| Жердин деградациясы жана токойлордун кыйылышы селдердин, жер көчкүлөрдүн, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнө жана башка коркунучтуу процесстердин жыштыгынын көбөйүшүнө, жердин асылдуулугунун жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна алып келет. |
4 | Чөлгө айлануу | Жердин биологиялык, экономикалык түшүмдүүлүгүнүн азаюусу же жоголуусу жана/же интенсивдешүү жана чөл шарттарынын кеңейүүсү. Шамал жана чаң жүгү, жайыттардын жана токойлордун бузулушу. Топурактын үстүңкү катмарын үйлөө жана толтуруу. Транспорттун иштешиндеги кыйынчылыктар. | Жаан-чачын жылына 100 дөн 200 мм. ге чейин. PM10 эмиссиясынын айына/жылына 60 мкг/м3 минималдуу нормадан 10 % га өсүшү. Чаң менен кумдун, шамалдын өтүү узактыгы 2 саатка чейин. | Жаан-чачын жылына 100 мм чейин.
PM10 эмиссиясынын айына/жылына 60 мкг/м3 минималдуу нормадан 20% га өсүшү. Чаң менен кумдун, шамалдын өтүү узактыгы 4 сааттан ашык. | Дарактардын жыштыгынын же дарак түрлөрүнүн өзгөрүшү. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрден ашкан чаң-кумдун өтүшү. Айыл чарба аянтынын азаюусу. Дарыялардагы суунун көлөмүнүн азайышы м3 айына/жылына. Жер астындагы суулардын деңгээлинин төмөндөшү. |
5 | Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу | Биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголуусу, азаюусу, жок болуп кетүүсү жана жашоо чөйрөсүнүн жоголуусу.
| Сапат рейтинги 30 дан 50 гө чейин (айдоо). Жер астындагы суунун деңгээли 1,5 метрден 3 метрге чейин.
Аянтка (аянт бирдигине), гектарга түрлөрдүн санын 20% га кыскартуу. | Сапат рейтинги 30 дан аз (айдоо).
Жер астындагы суунун деңгээли 2 метрге чейин.
Аянтка (аянт бирдигине), гектарга түрлөрдүн санын 40% га кыскартуу. | Жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана токойлордун сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн популяциясынын санын кыскартуу. Инвазиялык түрлөрдүн массалык көбөйүү борборлорунун өсүшү. Арча токоюнун төмөнкү чек арасын өйдө карай жылдыруу, биологиялык ар түрдүүлүктүн жаңы түрлөрүнүн пайда болушу. |
6 | Мөңгүлөрдүн чегинүүсү жана ага байланыштуу кооптуулуктар
| Мөңгүлөрдүн аянтынын азайышы, бул таза суунун туруктуу булактарынын болушуна жана тоо экотутумдарынын жанаша жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет. Жердин деградациясы, энергетикалык жана экономикалык чыгымдар.
| Жылына 1 ден 2% га чейин, же абанын температурасынын көрсөткүчү 10-15°C мөңгүдө, жаз мезгилинде 3200 метрден бийиктикте «нөлдүк» изотермага жетет. | Жылына 2% дан жогору, же абанын температурасынын көрсөткүчү 10-15°C мөңгүнүн үстүндө, жай мезгилинде 4200 метрден бийиктикте «нөлдүк» изотермага жетет.
| Изотерманын кескин көтөрүлүшү, мөңгүлөрдүн "тилинин" чегиниши. Мөңгүлөрдүн аянтынын жана массалык балансынын кыскарышы. Жаңы чакан тоо көлдөрүнүн пайда болушу. Сел-суу ташкын мезгилинде дарыя агымынын көбөйүшү, андан кийин узак мөөнөткө кескин азайышы. Кургакчылыктын жыштыгынын жана айыл чарбасындагы чыгымдардын көбөйүүсү. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын бийиктерге жылышы. |