Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 232 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 518 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугунда башкарууга негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.

2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - уюштуруучу орган) саналат.

4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - башкаруу органы) эсептелет.

5. Ишкананын өзүнүн аталышы бар:

1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы";

2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Строительно-монтажное управление" Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".

6. Кыскартылган аталышы:

1) мамлекеттик тилде: "КМБ" МИ;

2) расмий тилде: ГП "СМУ".

7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, жарандык мыйзамдарда жана ушул Уставда каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.

8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.

9. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле логотип, эмблема түрүндөгү атрибутикасы бар.

10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кронштадтская көчөсү, 17.

12. Ишкана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын объекттеринде жана Кыргыз Республикасынын башка ведомстволорунун, уюмдарынын жана мекемелеринин объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштурат.

2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары

13. Ишкананын ишинин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Ишкана тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик түз заказдарды аткаруу;

2) мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;

3) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын инфраструктурасынын жаңы объекттерин түзүү жана иштеп жаткан объекттерин оң техникалык абалда күтүү.

14. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;

2) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштуруу.

15. Ишкананын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) аймактык архитектура жана курулуш органдары менен макулдашуу боюнча курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте курулуш аянттарын жана курулуш объекттерин даярдоо, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жүргүзүү;

2) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын объекттеринде, ошондой эле башка ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин объекттеринде куруучу подрядчынын функциялары менен куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин жүзөгө ашыруу;

3) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тизмегинде каралган өндүрүштүк, турак жай-коммуналдык жаңы кубаттуулуктарды жана башка багыттагы капиталдык оңдоо иштери аяктаган объекттерди курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонууга киргизүү жана эксплуатациялоочу уюмдарга жана мекемелерге өткөрүп берүү.