Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2024-жылдын 16-январы № 17

 

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын катышуусу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгат жана коллегиянын жактыруусуна киргизет, аны аткарууну уюштурат жана Министрлер Кабинетине отчет берет;";

2) 11-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 30-беренеде:

1-бөлүктө ", ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык түзүлүүчү райондук кеңештер" деген сөздөр алып салынсын;

2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 31-берененин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 35-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 38-беренеде:

2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жергиликтүү кеңештердин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жүктөлөт.";

7) 40-берененин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

8) 70-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 19-январындагы № 5 (3558) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2023-жылдын 29-ноябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган