КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-январы № 19
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө
(КР 2025-жылдын 20-январындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду) 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 110263864,7 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 108173827,0 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга бюджетинин профицити 2090037,7 миң сом суммасында белгиленсин.
(КР 2025-жылдын 20-январындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-2026-жылдарга бюджетинин пландык мезгили 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттар 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2024-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө боюнча чыгашаларды эске алуу менен 39367243,7 миң сом суммасында белгиленсин.
(КР 2025-жылдын 20-январындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2024-жылга каржылоо 5045951,0 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 2024-жылга каржылоо 643651,1 миң сом суммасында белгиленсин.
(КР 2025-жылдын 20-январындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене.
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2024-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8-берене.