Документке
Мурунку23.07.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 19-октябры № 559

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Жаңы19.10.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 19-октябры № 559

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу";

2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясын, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";

3) 1-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобо;

- Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.";

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- аталышында жана 1.1-пунктта "пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн" деген сөздөр "пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1.2. Бул Жобо камсыздандырылган жарандардын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия (мындан ары - пенсия) дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуу эрежелерин, ушул кайрылууларды кароо жол-жобосун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле арыз ээлери тарабынан пенсионер же анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуу тартибин белгилейт.";

- 1.3-пунктта "пенсия алууга укуктуу болгон" деген сөздөр "пенсия алган же пенсия алууга укуктуу болгон" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.4-пунктта:

тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"арыз ээси - каза болгон пенсионерди иш жүзүндө акыркы сапарга узаткан адам (жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар);

расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул - пенсионер каза болгондо же анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгондо камсыздандыруучу тарабынан берилүүчү жөлөкпул.";

- 2.1-пунктта "арыз менен кайрылат" деген сөздөр ", калкты тейлөө борборлоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети" аркылуу арыз менен кайрылат, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы VII-IХ бөлүмдөр менен толукталсын:

"VII. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби

7.1. Арыз ээси пенсиялык иштин жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн арыз берет.

7.2. Эгерде карылар жана майыптар үйүндө жашаган пенсионердин сөөгү социалдык стационардык мекеме тарабынан коюлса, анда социалдык стационардык мекемелер расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына кайрылат.

7.3. Эгерде жазаларды өтөө жерлеринде болгон пенсионердин сөөгү жазаларды аткаруу мекемелери тарабынан коюлса, анда жазаларды аткаруу мекемелери расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына кайрылат.

7.4. Бул Жобонун 7.2, 7.3-пункттарында каралган кайрылуулар тиешелүү документтерди (каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү кайрылуу) берүү менен жүргүзүлөт.

7.5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдары расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун суммасын банкка социалдык же түзөтүү мекемесинин алыш-бериш эсебине которот.

7.6. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат берүү менен расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алууга башка бир адамга ыйгарым укук берүүгө укуктуу (арыз ээси ооруп калганда, аракетке жөндөмсүз болгондо же арыз ээси кеткенде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткен учурда).

VIII. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмдөрү

8.1. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

- пенсиянын он эселенген базалык бөлүгүнүн - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындалган пенсионер каза болгон учурда;

- пенсиянын үч эселенген базалык бөлүгүнүн - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындалган пенсионердин багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда.

8.2. Эмгек акысына кошумча акынын коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмү бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт.

8.3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган пенсионерге же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өз убагында дайындалышы жана төлөнүшү үчүн жоопкерчилик тартат.

IX. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөнбөгөн учурлар

9.1. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнбөйт:

- дайынсыз жок деп таанылган жана сот тарабынан каза болгон деп жарыяланган пенсионерлерге;

- арыз ээси пенсионер каза болгондугу тууралуу маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кийин кайрылган учурда.

Жөлөкпул төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинде:

- аталышында "пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү" деген сөздөр "пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.1, 1.2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1.1. Бул Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси (мындан ары - Тизме) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия (мындан ары - пенсия) дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин аныктайт.

1.2. Камсыздандырылган адамдар жана пенсионерлер "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн документтерди Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына, калкты тейлөө борборлоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети" аркылуу берет, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 1.21-пункт менен толукталсын:

"1.21. Арыз ээлери ушул Тизмеге ылайык расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн документтерди Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына, калкты тейлөө борборлоруна берет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы V бөлүм менен толукталсын:

"V. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтер

5.1. Пенсионер каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына төмөнкүлөрдү берет:

- расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө жөнүндө арызды;

- арыз ээсинин паспортун;

- маркумдун жеке идентификациялык номерин;

- Кыргыз Республикасынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана салыштыруу үчүн түп нускасын.

Эгерде пенсионердин сөөгү үй-бүлө мүчөсү болбогон адамдар тарабынан коюлса, сөөк коюу фактын ырастаган акт түзүлөт. Акт каза болгон пенсионер жашаган жердеги кошуналардын (беш адамдан кем эмес) катышуусу менен түзүлөт, алар арыз ээси тарабынан сөөк коюу фактын ырастай алат. Актта каза болгон пенсионердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жеринин дареги, арыз ээсинин жана кошуналарынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана акт түзгөн адамдардын кол тамгалары көрсөтүлүшү керек.

5.2. Пенсионер Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каза болгон учурда арыз ээси Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына төмөнкүлөрдү берет:

- расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө жөнүндө арызды;

- арыз ээсинин паспортун;

- маркумдун жеке идентификациялык номерин;

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же болбосо аймагында пенсионер каза болгон жарандык абалдын актысын (каза болгондугун) мамлекеттик каттоо фактысын ырастаган чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк.

5.3. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн төмөнкүдөй маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган жана күчүнө кирген тиешелүү макулдашуулардын негизинде электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат:

- арыз ээсинин жеке маалыматтары;

- каза болгондугу тууралуу акттын жазуусунун маалыматтары.

5.4. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана ички ведомстволук маалымат алмашуу системасы аркылуу алынган маалыматтар түзүлгөн макулдашууларга ылайык ишенимдүү, анык деп эсептелет жана документтердин кагаз түрүндөгү версияларына теңештирилет.

5.5. Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан суралган расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон маалымат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, акысыз негизде берилет.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:

- 7-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 347 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген пенсияларды индекстөө тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген пенсияларды индекстөө тартибинде:

- 6, 10, 20, 22, 23, 28-пункттарда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жободо:

- 8-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3549) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров