Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги ПЖ № 115 Жарлыгына ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158, 2023-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 347, 2025-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 359, 2026-жылдын 30-сентябрындагы № 339 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (мындан ары - Улуттук агенттик) бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн өзгөчө (атайын) режими бар эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, экспортту илгерилетүү, инвесторлорду коргоо, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансы уюмдары менен кызматташуу, үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Улуттук агенттик "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. Улуттук агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Улуттук агенттик өзүнүн компетенциясынын алкагында координациялоо функцияларын, ачык-айкындуулук жана маалыматка эркин жетүүнүн негизинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине аналитикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүүнү өз алдынча жана көз карандысыз жүзөгө ашырат.
5. Улуттук агенттик компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулугу, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
51. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 347 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Улуттук агенттик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү бар. Улуттук агенттик жеке өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
7. Улуттук агенттиктин обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында жана банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга ээ боло алат, сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
8. Улуттук агенттиктин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик;
- расмий тилде: Национальное агентство по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики;
- англис тилинде: National Investment Agency under the President of the Kyrgyz Republic.
9. Улуттук агенттиктин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИУА";
- расмий тилде: "НАИ".
10. Улуттук агенттиктин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1.
2. Улуттук агенттиктин максаттары
11. Улуттук агенттиктин максаттары Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү аркылуу экспорттоочуларга товарларды тышкы рынокторго чыгарууга жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү, инвесторлорго жардам берүү, коргоо жана колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү болуп саналат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Улуттук агенттиктин милдеттери
12. Улуттук агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана инвестициялык активдүүлүктү, экспортту өбөлгөлөө;
- эки тараптуу жана көп тараптуу форматта эл аралык экономикалык жана финансылык институттар, чет өлкөлүк өкмөттүк, финансы уюмдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү, эл аралык уюмдардын жана фонддордун долбоордук (тематикалык) инвестицияларын тартууга көмөктөшүү;
- инвестициялык долбоорлорду, анын ичинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун базасында ишке ашыруунун жүрүшүнө системалуу мониторинг жүргүзүүнүн негизинде өлкөнүн экономикасына тартылуучу чет өлкөлүк инвестицияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, ошондой эле экспорт боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүргүзүүдө келип чыгуучу инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөктөшүү.
4. Улуттук агенттиктин функциялары
13. Улуттук агенттик жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
а ) тармактык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функциялары:
- инвестициялык иш, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген максаттар жана милдеттер боюнча башка мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун карайт жана корутунду берет;
- ата мекендик ишканаларга инвесторлорду издөөгө жана алар менен инвестициялык келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга тартуу максатында потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлор, ошондой эле ата мекендик ишканалар менен байланыштарды түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышуу боюнча чараларды көрөт;
- инвестициялык саясаттын артыкчылыктарына жараша инвесторлорду максаттуу издөөнү жүргүзөт;
- инвестициялык долбоорлорду демилгелөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- инвестициялык долбоорлордун экономикалык максатка ылайыктуулугун баалайт, андан кийин алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйынтыктардын экономикалык натыйжалуулугун баалайт;
- инвесторлор үчүн "бирдиктүү терезе" принцибин илгерилетүү боюнча саясатты ишке ашырат;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга инвестициялык аянтчаларды жана жардам көрсөтүүнү уюштуруу боюнча эл аралык донордук уюмдар жана чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр менен өз ара аракеттенет жана көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө эл аралык оң тажрыйбаны киргизет, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн потенциалын консолидациялайт;
- эл аралык уюмдардын жана фонддордун долбоордук (тематикалык) инвестицияларын тартуу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана институттар, кызыкдар коммерциялык эмес уюмдар, бизнес түзүмдөрү менен өз ара аракеттенет;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик өнөктөш катары аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- инвестициялык потенциалды издөө, инвестициялык ишти кеңейтүү боюнча республиканын региондоруна талдоо жүргүзөт;
- компетенттүү жана талап кылынган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, бизнес өкүлдөрү жана инвесторлор үчүн инвестициялык виза режимин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттин инвестициялык потенциалын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын союздарга жана программаларга мүчөлүгүн баалайт жана талдайт;
- капиталдаштыруу, активдердин өтүмдүүлүгү, тажрыйбасы жана аброю (компаниялардын рейтингдери) боюнча инвестициялык долбоорлорго экспертиза жүргүзөт;
- тиешелүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү уюштурат жана жүргүзөт, инвестициялык макулдашууну түзөт;
- инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана долбоорлору жөнүндө маалыматтарды потенциалдуу инвесторлордун жана башка кызыкдар тараптардын арасында жайылтат;
- Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, ошондой эле алар боюнча зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзөт;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун ишин координациялайт;
- инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча макулдашууларды жана келишимдерди түзүү, алардын натыйжалуулугу, экономикалык максатка ылайыктуулугу, ишке ашырыла тургандыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги предметине карата сунуштарга экспертиза жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү жана алардын иштеши боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип инвесторлордун даттанууларын кароону жүзөгө ашырат;
- Инвесторлордун даттанууларынын реестрин жүргүзөт жана Реестрде катталган инвесторлорду андан ары коштойт;
- тышкы иштер чөйрөсүндө жана тышкы саясий чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларда аныкталган критерийлерге туура келген компетенттүү чет өлкөлүк субъекттерге жана жарандыгы жок жактарга "I" тибиндеги инвестициялык визаларды (investment visa) берүү жөнүндө өтүнүч берет;
- миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларда аныкталган критерийлерге туура келген чет өлкөлүк жарандарга (Кыргыз Республикасы менен чектешкен өлкөлөрдөн тышкары) убактылуу жашоого уруксаттарды берүү жөнүндө өтүнүч берет;
б) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- инвестициялык макулдашууларды, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка инвестициялык долбоорлорун жана программаларын иштеп чыгуу, макулдашуу жана түзүү процессин борборлоштурулган тартипте координациялайт, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;