| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 16 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес
жактардын банктык эсептерин ачуу жана тейлөө жөнүндө
убактылуу жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Убактылуу жобо пилоттук долбоорду жүргүзүү үчүн аянтча катары аныкталган коммерциялык банкта (мындан ары - Банк) Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын (мындан ары - кардар) улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда банк эсептерин ачуу жана тейлөө тартибин аныктайт.
2. Банк ушул Убактылуу жобону жүзөгө ашыруунун алкагында келип чыгышы мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо боюнча зарыл жол-жоболорду жүргүзөт жана аларды минималдаштыруу же жоюу боюнча бардык чараларды көрөт.
3. Кыргыз Республикасынын банк системасы үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу максатында Банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча улуттук жана эл аралык институттар менен өз ара аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул Убактылуу жобону ишке ашыруу үчүн Банк чет мамлекеттердин аймагында өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачат же террористик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында бардык эл аралык талаптарды, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды үчүнчү тарап милдеттүү түрдө сактаганда, анын ичинде ушул Убактылуу жобонун 7-пунктун сактоо максатында агенттик келишимдин негизинде үчүнчү ишенимдүү тараптарды ишке тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кардарлардын банк эсептерин ачууда жана жабууда эсептерди каттоо кагаз жүзүндө түзүлөт жана Банктын автоматташтырылган банк системасында кайталанат.
6. Банк эсептерин ачуу үчүн юридикалык резидент эмес жак Банкка төмөнкү документтерди берет:
1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн (устав, юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн же улуттук мыйзамдарга ылайык талаптагыдай ыкма менен күбөлөндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелеринде тиешелүү түрдө легалдаштырылган уюштуруучулардын чечимдери же уюштуруу келишими);
2) уюмдун юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө чыккан өлкөнүн соода реестринен көчүрмөнү же чыккан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюмдун юридикалык жак катары катталгандыгын ырастаган башка документти (күбөлүк, маалымкат, сертификат);
3) юридикалык резидент эмес жак тарабынан чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү лицензияланууга тийиш болгон иш жүзөгө ашырылган учурда - лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
4) эсептеги акча каражаттарын тескөөгө юридикалык резидент эмес жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн (юридикалык жактын жетекчисин шайлоо жөнүндө уюштуруучулардын же акционерлердин чогулушунун протоколу, юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө уюштуруучулардын же акционерлердин чечими, же болбосо юридикалык жактын кызыкчылыктарын кездөөгө ишеним кат (буйрук);
5) кол тамгалардын үлгүлөрүнүн карточкаларында көрсөтүлгөн адамдардын (уюштуруучулардын жана биринчи жана/же экинчи кол тамгаларга укугу бар (бар болсо) адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрүн;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында анын туруктуу иштеген органынын юридикалык жагынын, башка органынын же юридикалык резидент эмес жактын атынан ишеним катсыз аракеттенүүгө укуктуу жактын жайгашкан жери боюнча бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;
7) юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды (эгерде бар болсо);
8) кардардын - юридикалык жактын менчигинин (башкаруусунун) түзүмүндө ачык кызмат адамынын болушу жөнүндө маалыматтарды;
9) юридикалык жактын башкаруу органдары жөнүндө маалыматтарды (түзүмү жана жеке курамы) камтыган документти.
7. Банктык эсепти ачуу үчүн жеке резидент эмес жак төмөнкүдөй документтерди берет:
1) бекитилген формада эсеп ачууга кардардын колу коюлган арызды;
2) кардардын инсандыгын ырастаган документти (чет өлкөлүк жарандын паспорту).
Ушул пунктту аткаруу үчүн Банк тарабынан аралыктан режиминде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган маалыматтык системаларды жана методдорун колдонуу аркылуу, агенттин маалыматтык системалары жана методдорун менен идентификацияланган жана верификацияланган жеке резидент эмес жактын жеке маалыматтары жөнүндө алынган маалыматтардын негизинде, агент чыккан өлкөнүн мыйзамдарынын жеке жактарды аралыктан идентификациялоо бөлүгүндө талаптарынын сакталышын эске алуу менен жеке резидент эмес жак кардарды идентификациялоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Пайдаланылуучу маалыматтык системалар жана методдор үчүнчү тараптардын идентификациялоонун жол-жоболоруна жана натыйжаларына авторизацияланбаган кирүүсүнөн коргоону камсыз кылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)