Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-ж. “22” 01 № 1-Б буйругуна
|
Тиркеме
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобо
(КР Финансы министрлигинин 2024-жылдын 10-июнундагы № 4-Б, 2026-жылдын 20-майындагы № 1, 2026-жылдын 3-июлу № 2, 2026-жылдын 8-октябрындагы № 3 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча ушул жобо (мындан ары – Жобо) бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт
2. Бухгалтердик эсеп ушул Жобого ылайык, бюджеттик мекемелер тарабынан, эсептердин бирдиктүү планын милдеттүү түрдө колдонуу менен каржылоо булактары боюнча жүргүзүлөт.
3. Бухгалтердик эсеп регистрлеринин маалыматтары бюджеттик мекемелердин финансылык отчетторун даярдоо үчүн маалымат булагы болуп эсептелет.
4. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен (мындан ары - Финансы министрлиги) макулдашуу боюнча жана өз ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен бухгалтердик эсепти жөнгө салуучу ички документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.
2-глава. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө негизги талаптар
§ 1. Бухгалтердик кызматтын милдети жана милдеттенмеси
5. Бухгалтердик кызматтын (бухгалтердин) негизги милдеттери:
1) финансылык отчеттуулукту даярдоо аркылуу бюджеттик мекеменин финансылык-чарбалык иши, анын мүлктүк абалы жөнүндө толук жана так маалыматты өз убагында түзүү;
2) чарбалык операцияларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык сакталышын контролдоо үчүн зарыл болгон маалымат менен камсыз кылуу;
3) мындай чектөөлөр каралган чарбалык операцияларды ишке ашырууда бекитилген ченемдердин сакталышын контролдоо;
4) бюджеттик мекемеде болгон активдердин сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын контролдоо (эсепке алуу жол-жоболору аркылуу).
6. Бюджеттик мекеменин бухгалтердик кызматынын (бухгалтердин) милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, баштапкы документтердин негизинде бухгалтердик эсептин регистрине чарбалык операцияларды өз убагында каттоо;
2) бюджеттик мекеменин ички жоболорун, архивдик ишти, иш кагаздарын жүргүзүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык документ жүгүртүүнү жүргүзүү;
3) жумушка алуу жана жумуш убактысын эсепке алуу боюнча ички документтерге, жалдоо келишимине, кызматчыларга эмгек акы чегерүү жана төлөп берүү, эмгек мыйзамына ылайык;
4) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга жана салык мыйзамдарына ылайык, эмгек акы төлөмдөрүнөн салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап калуу;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, салык регистрлерин жүргүзүүнү кошкондо, салыктык эсепти жүргүзүү;
6) каржылоонун бардык булактары боюнча бекитилген бюджеттин сакталышын контролдоону ишке ашыруу;
7) каржылоо булактары боюнча бекитилген бюджетти жана сметаларды иш жүзүндө аткаруунун максаттуу мүнөзү жана көлөмдөрү тууралуу маалымат менен бюджеттик мекеменин жетекчисин камсыздоо;
8) квартал сайын (чет өлкөлүк коммерциялык банктарда ачылган эсептер үчүн – жыл сайын) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептерде жана Казыналыктын системасындагы эсептерде, коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары боюнча, бухгалтердик эсептин маалыматтары менен салыштырып текшерүүнү жүргүзүү жана айырмачылык табылган учурда зарыл болгон түзөтүүнү өз убагында киргизүү;
9) ар бир жылдын 31-декабрына карата бардык дебиторлор жана кредиторлор боюнча дебитордук жана кредитордук карыздардын калдыктарын жазуу жүзүндө салыштырып, текшерүүнү жүргүзүү
10) жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча бухгалтердик эсептин регистрине зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүү, инвентаризациялык комиссияны, активдерди инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык бухгалтердик маалыматтар менен камсыздоо;
11) бюджеттик мекеменин кызматчыларынын материалдык жана аванстык отчетторун туура тариздөө жана өз убагында берүүнү контролдоону ишке ашыруу;
12) финансылык отчеттуулукту, бюджетти аткаруу тууралуу отчеттуулукту, статистикалык отчеттуулукту, салык отчеттуулугун жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттуулукту даярдоо;
13) Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо.
§ 2. Жетекчинин жана башкы эсепчинин жоопкерчилиги
7. Мекеменин жетекчиси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик алат
1) бюджеттик мекемеде бухгалтердик эсепти жана ички контролдоо системасын уюштуруу;
2) бюджеттик мекемедеги документ жүргүзүүнүн системасын уюштуруу, анын ичинде бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун баштапкы эсептик документтерин, бухгалтердик эсептин регистрлерин сактоону уюштуруу;
3) бюджеттик мекеменин ишенимдүү финансылык отчеттуулугун өз учурунда тапшыруу;
4) Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда милдеттүү аудиттин өткөрүлүшүн камсыз кылуу;
5) бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитүү;
6) чарбалык операцияларды аткарууда Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо;
7) башкы бухгалтерди же бухгалтердик кызматтын жетекчисин, бухгалтердик кызматтын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.
8. Башкы бухгалтер (бухгалтер же бухгалтердик кызматтын жетекчиси бюджеттик мекеменин жетекчисине түздөн-түз баш ийет жана төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик алат.
1) бухгалтердик кызматтын ишин уюштуруу;
2) бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо;
3) бюджеттик мекеменин ишенимдүү финансылык отчеттуулугун өз учурунда даярдоо;
4) бухгалтердик эсептин регистрлерин жүргүзүү;
5) бухгалтердик кызматтын ичинде кызматтык нускамаларды иштеп чыгуу жана кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү;
6) бухгалтердик кызматтын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттердин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;
7) кызмат ордунан бошогон учурда иштерди өткөрүп берүү.
§ 3. Башкы бухгалтердин укуктары
9. Башкы эсепчи бухгалтердик кызматтын максаттарын жана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иштин айрым бөлүктөрүн аныктоо (финансылык топ, эсептешүү тобу, материалдык топ ж.б.) жана бул бөлүктөр боюнча ишти бухгалтердик кызматтын кызматчылары ортосунда өз алдынча бөлүштүрүү;
2) бюджеттик мекеменин башка түзүмдүк бөлүктөрүнөн жана кызмат адамдарынан чарбалык операцияларды ишке ашыруу жана каттоо боюнча каалаган маалыматтарды алууга; ошондой эле чарбалык келишимди макулдашуу жол-жобосуна катышууга;
3) бюджеттик мекеменин кызматкерлериненинен Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук тармагындагы (анын ичинде эл аралык) ченемдик укуктук актыларын өз учурунда аткарууну талап кылууга;
4) бюджетти даярдоо жана аткаруу, бухгалтердик эсеп, ички контролду жана салык салуу системаларын уюштуруу боюнча ички документтерди иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштар менен бюджеттик мекеменин жетекчисине кайрылууга;
5) бухгалтердик эсеп, ички контролдоо жана салык чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин тууралыгы жөнүндөгү маселелер боюнча ыйгарым укуктуу жана контролдоочу органдардан түшүндүрмө алуунун зарылдыгы жөнүндө сунуштар менен бюджеттик мекеменин жетекчисине кайрылууга;
6) бюджеттик мекеменин материалдык жооптуу жана отчеттуу адамдарынан (мындан ары - МЖА) материалдык жана аванстык отчетторду белгиленген форматта өз учурунда тапшырууну талап кылууга;
7) бюджеттик мекеменин жетекчисине бухгалтердик кызматтын кызматкерлерине сый акы берүү, аларды окутууга жиберүү, сыйлоо, кызматы боюнча көтөрүү жөнүндө сунуштар менен кайрылууга;
8) бухгалтердик эсеп, отчеттуулук, ички көзөмөл жана салык салуу системасы тармагындагы аныкталган нормаларын жана эрежелерин бузган бухгалтердик кызматтын кызматкерлерине жана бюджеттик мекеменин кызматкерлерине тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштар менен бюджеттик мекеменин жетекчисине кайрылууга;
9) бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринен өз кызматтык милдеттерин аткарууну талап кылууга;
10) бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин штаттык саны жөнүндө сунуш менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;
11) ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн бухгалтердик кызматтарынан жыйынды финансылык отчеттуулукту түзүүү үчүн зарыл бардык маалыматтарды алууга.
10. Башкы бухгалтердин бухгалтердик кызматка зарыл документтерди жана маалыматтарды берүү жана тариздөө тартиби жаатындагы талаптары бюджеттик мекемелердин бардык кызматкерлери үчүн, ал эми эсепти борборлоштурууда бардык тейленүүчү бюджеттик мекемелер үчүн милдеттүү болуп саналат.
§ 4. Башкы эсепчи тарабынан иштерди өткөрүп берүү-кабыл алуу
11. Башкы бухгалтер кызмат ордунан бошотулган учурда (жумуштан кеткенде, башка кызматка которулганда же орун которуштурганда) кызматка дайындалган башкы бухгалтерге, же ал жок болгон учурда – бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу кызматкерге иштерди өткөрүп берүү. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу учурунан баштап, кызматтан бошотулган башкы бухгалтердин кол коюу укугу алынып салынат.
12. Башкы бухгалтер тарабынан ишти өткөрүп берүү-кабыл алууну жүргүзүү үчүн, бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругунун негизинде ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча комиссия түзүлөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
1) ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун себеби;
2) ишти кабыл алуучу кызматтык адам жөнүндө маалымат;
3) ишти өткөрүп берүүчү кызматтык адам жөнүндө маалымат;
4) ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу жана ишти кабыл алуучу кызматтык адамдын кол коюу укугу таризделгенге чейинки мөөнөткө кол коюу укугу берилген адам;
5) ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу жүргүзүлө турган күн;
6) ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу мөөнөтү, эки жумадан ашык эмес жана башкы бухгалтер кызматтан бошотулган күндөн кеч эмес;
7) комиссиянын курамы;
8) комиссиянын катчысы;
9) тийиштүү документтерди даярдоо жана аларды Комиссияга берүү үчүн жооптуу адамдар.
13. Комиссия:
1) кызматтык адамдардын ишин өткөрүп берүү-кабыл алууну уюштурат жана ушул жобонун талаптарына ылайык ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын түзүүнү камсыздайт;
2) кассанын абалын текшерет (накталай акчаны сактоо үчүн тийиштүү шарттар камсыздалганбы, кассалык китептеги жазуулардын абалы, кассада сакталган башка баалуулуктар боюнча абал жана алардын бухгалтердик жазууларга шайкеш келүүсү, чек китепчелеринин болушу, пайдаланылбаган чектердин номерлери) жана кассадагы накталай калдыктарды текшерүү актысын түзөт, анда акча каражаттардын калдыгынын суммасы, кассалык операцияларды жүргүзүү үчүн жооптуу адам же кассир, бухгалтердик кызматтын ишин өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адам тарабынан кол коюлуучу акыркы киреше жана чыгаша ордерлеринин номери жана күнү;
3) акчалык эсептин, эсептешүү операцияларынын, баланстын эсептешүү беренелеринин эсебинин абалын (дебиторлук жана кредиторлук карыздын реалдуулугу, төлөтүп алуусу реалдуу эмес болгон карыздардын бар экендиги, ага күнөөлүү адамдарды көрсөтүү менен, өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актыларынын бар экендигин, бюджетке өз учурунда которулбаган суммалардын бар экендиги) текшерет;
4) кем чыгууларга, ашыкчаларга, же башка бузууларга жол берген кызматтык адамдан алынган жазуу жүзүндөгү түшүнүк катты карайт жана ишти өткөрүп берүү –кабыл алуу актысында көрсөтөт;
5) эсептик регистрлердин маалыматы боюнча бухгалтердик баланстын маалыматынын ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу датасынан мурунку акыркы отчеттук датасына шайкеш келүүсүн текшерет.
14. Комиссиянын же кызматтык адамдардын мүчөлөрү тарабынан сын-пикирлер болгондо, (ишти өткөрүп берүүчү жана кабыл алуучу), же шайкеш келбегендик табылган учурда, алардын келип чыгуу себептери аныкталат, андан кийин ишти өткөрүп берүү-кабыл алууну жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт.
15. Комиссиянын мүчөлөрү кызматтык адамдардын ишин өткөрүп берүү - кабыл алуу боюнча документердин толуктугу жана аныктыгы үчүн өз компетенциясынын чегинде жоопкерчилик тартат.
16. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча комиссиянын катчысы өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын түзөт, ага кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү тараптар, комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коюшат. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун актысында ага тиркелүүчү документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Өткөрүп берүү-кабыл алуунун актысы эки экземплярда түзүлөт, алардын бири бухгалтердик кызматка, экинчи экземпляры ишти өткөрүп берүүчү кызматтык адамда калат.
17. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун актысында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
1) ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адамдардын аты-жөнү;
2) бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругуна ылайык комиссиянын курамы;
3) ишти өткөрүп берүү датасы (мезгили);
4) бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругунун реквизиттери, анын негизинде иш өткөрүлүп берилет;
5) документтердин аталышын жана папкаларынын санын көрсөтүү менен өткөрүлүп берилүүчү документтердин тизмеси;
6) текшерүүнүн жүрүшүндө табылган бухгалтердик жана салыктык отчеттуулуктагы эсепте табылган каталар жана так эместиктер;
7) жок документтердин тизмеси;
8) ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адамдардын түшүндүрмөлөрү жана сын-пикирлери.
18. Биринчи кезекте актыга ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адамдар, ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
19. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилгенден кийин ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу аяктады деп эсептелет. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы башкы бухгалтер кызматынан бошотулган датага карата бекитилет.
§ 5. Борборлошкон бухгалтерия аркылуу тейленүүчү бюджеттик мекемелерде ишти уюштуруу
20. Борборлошкон бухгалтериялар тарабынан тейленүүчү мекемелердин курамына кирген бардык түзүмдүк бөлүмдөр бухгалтерияга бухгалтердик эсеп жана контролдоо үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырууга милдеттүү
21. Борборлошкон бухгалтерияларда эсеп жүргүзүүдө тейленүүчү мекемелердин жетекчилери анын карамагына кирген бардык чарбалык операциялардын өз убагында жана туура таризделишине милдеттүү.
§ 6. Бухгалтердик эсепти автоматташтыру
22. Бухгалтердик эсепти автоматташтыруу бекитилген Эсептердин бирдиктүү планына ылайык, финансылык отчеттуулукту түзүү менен бухгалтердик эсептин бардык бөлүмдөрү боюнча документтерди иштеп чыгуунун бирдиктүү өз ара байланышкан технологиялык процессине негизделет.
23. Бухгалтердик эсепти комплекстүү автоматташтыруу шарттарында автоматташтырылган системанын базасында жок болгон баштапкы эсеп документтери сканерленип, “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” автоматташтырылган маалыматтык системасына (мындан ары - “ББЭ” АМС) киргизилет.
“ББЭ” АМСте синтетикалык жана аналитикалык эсептин регистрлерин түзүү үчүн баштапкы эсеп документтеринин маалыматтары колдонулат.
Мында, документтердин чыгуу формаларындагы (мемориалдык ордерлер, карточкалар, ведомосттор, башкы китеп, отчет ж.б.) көрсөткүчтөрдүн мазмуну баштапкы эсеп документтери жана бухгалтердик эсептин регистрлери үчүн ушул Жободо каралган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.