РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кенешинин алтынчы чакырылыш кезектеги ХХХ сессиясы.
2024-жылдын 22-январы № 1
Раззаков шаарынын 2024-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын 2024-жылдын бюджетин бекитуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январына калган эркин калдык 26612449 сом, атайын каражаттар 2144010 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдагы чыныгы керектөөсү 111300000 сом өлчөмүндө аныкталып, анын ичинен атайын каражаттар керектөөсү 10299000 сом, 2024-жылга түзүлгөн бюджетинен салыктар жана салык эмес төлөмдөр боюнча 101001000 сом, баардыгы атайын каражаттар менен киреше бөлүгү 111300000 сомго, чыгаша бөлүгү 111300000 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинде 600000 сом «Резервдик фонд» түзүлсүн.
- Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетине 2024-2026-жылдарга карата болжолдуу киреше жана чыгаша долбоору жактырылсын.
- Бөлүнгөн акча каражатын үнөмдүү, сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууда бөлүм ичиндеги жылдыруулар жетекчиликке тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” токтомунун 4-пунктуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин, Раззаков шаарынын мэриясынын, муниципалдык менчик департаментинин жана “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканаларынын тейлеп иштеген кызматкерлерине түзүлгөн тарификацияларына ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөр каралсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Раззаков шаар мэриясынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы эсепчи К.Кожошовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б. Айтемиров |
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кенешинин алтынчы чакырылыш кезектеги ХХХ сессиясы.
2024-жылдын 22-январы № 1
Раззаков шаарынын 2024-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын 2024-жылдын бюджетин бекитуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январына калган эркин калдык 26612449 сом, атайын каражаттар 2144010 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдагы чыныгы керектөөсү 111300000 сом өлчөмүндө аныкталып, анын ичинен атайын каражаттар керектөөсү 10299000 сом, 2024-жылга түзүлгөн бюджетинен салыктар жана салык эмес төлөмдөр боюнча 101001000 сом, баардыгы атайын каражаттар менен киреше бөлүгү 111300000 сомго, чыгаша бөлүгү 111300000 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинде 600000 сом «Резервдик фонд» түзүлсүн.
- Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетине 2024-2026-жылдарга карата болжолдуу киреше жана чыгаша долбоору жактырылсын.
- Бөлүнгөн акча каражатын үнөмдүү, сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууда бөлүм ичиндеги жылдыруулар жетекчиликке тапшырылсын.
(Раззаков шаардык кенешинин 2024-жылдын 30-июлундагы №6 токтому менен кучун жоготту)