Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы N 386, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет, анын ишинин предмети болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) компетенциясынын чегинде Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы окутуу, илимий-изилдөө иши эсептелет.
2. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун укук улантуучусу болуп эсептелет.
Борбор аскердик мекеме болуп саналат, жогорку жана орто кесиптик билими, Министрликте практикалык иш стажы бар аскер кызматчылары жана кызматчылар менен комплекттелет.
4. Борбор юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы, штампы, эмблемасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Борбордун юридикалык дареги: 724319, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер шаарчасы.
5. Борбордун толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору";
расмий тилде: "Учебно-исследовательский центр при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
6. Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ОИБ";
- расмий тилде: "УИЦ".
2-глава. Борбордун максаттары жана милдеттери
7. Борбор Жарандык коргонуунун жана өрт коопсуздугунун жетектөөчү, командалык-жетектөөчү курамын, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарын, калкты, билим берүү уюмдарынын угуучуларын жана студенттерин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал коркунучу жана пайда болуу шарттарында аракет көрүүгө окутуу жана даярдоо боюнча бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында түзүлгөн.
8. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- адистерди окутуу, даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жана тынчтык жана согуш мезгилинде жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик жактан өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;
- Министрликтин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, жүргүзүү жана Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү;
- Борбордун компетенциясынын чегинде продукцияны (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) стандартташтыруу боюнча иштерге катышуу жана ишке ашыруу;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлоо-изилдөө иштерин илимий-методикалык жактан коштоо;
- алдынкы инновациялык технологияларды (методдорду) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу боюнча билимдерди илгерилетүү жана жайылтуу;
- өрттүн келип чыгышын, өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана кесепеттерин аныктоо жана изилдөө боюнча эксперттик изилдөөлөрдү илимий-методикалык жактан коштоо.
3-глава. Борбордун функциялары
9. Борбордун функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профилдик кафедралары, анын ичинде башка мамлекеттердин окуу жайлары менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу жана Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында атайын сабактардын бирдиктүү окуу пландарын жана программаларын биргелешип иштеп чыгуу;
- Министрликтин компетенциясынын чегинде лицензиялык ишти илимий-методикалык жактан камсыздоого катышуу;
- юридикалык жана жеке жактарга окутуу иши боюнча кызмат көрсөтүү;
- калкты өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге үйрөтүү, Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы билимдерди пропагандалоо жана жайылтуу;
- продукциянын, буюмдардын, заттардын жана материалдардын (анын ичинде курулуш конструкцияларынын, материалдардын жана оттон корголгон каражаттарынын) өрт коопсуздугунун белгиленген талаптарына жана иштин белгиленген чөйрөсүндө эмгекти коргоо талаптарына шайкештигине изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү;
- Борбордун компетенциясынын чегинде өрттүн келип чыгуу себептерин, өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана кесепеттерин аныктоо жана иликтөө боюнча өзгөчө кырдаалдарды эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышуу;
- полиграфиялык ишти жүзөгө ашыруу, басма продукцияларын (илимий-техникалык адабияттар, ченемдик, методикалык жана башка документтер) даярдоо, өндүрүү, чыгаруу жана жайылтуу, көчүрмөлөрүн жасоо жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү продукцияларды, программалык продукцияларды чыгаруу;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында илимий-техникалык кеңеш берүү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы билимдерди пропагандалоо, окуу жана методикалык материалдарды даярдоо жана чыгаруу, семинарларды жана илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү.
- министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жетекчилерин, кызмат адамдарын Жарандык коргонуу жаатында даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды аткарбагандыгы үчүн аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 386 токтомунун редакциясына ылайык)