Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 527 токтомуна)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу ТАРТИБИ
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча маалыматты топтоонун жана алмашуунун негизги эрежелерин аныктайт.
2. Маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби болжолдонгон жана/же болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкты маалымдоо боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, шаарлардын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын ортосундагы бирдиктүү, координацияланган жана макулдашылган өз ара аракеттенүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы маалыматты топтоону жана алмашууну уюштуруунун негизги максаты болуп өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн, ошондой эле болжолдонгон жана/же келип чыккан өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо үчүн Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын керектүү маалыматтар менен камсыздоо саналат.
4. Маалыматты топтоо жана алмашуу иш-чараларын уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн негиз болуп болжолдонгон жана/же келип чыккан өзгөчө кырдаалдар, алардын түрлөрү жана адам курмандыктарын алып келиши мүмкүн болгон же алып келген көрүнүштөр жөнүндө фактылардын болушу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян алып келиши, олуттуу материалдык жоготуулар жана калктын жашоо-тиричилик шарттарынын бузулушу саналат.
Маалыматта Кыргыз Республикасынын аймагында болжолдонгон жана/же келип чыккан өзгөчө кырдаалдар жана алардын кесепеттери жөнүндө, радиациялык, химиялык, медициналык-биологиялык, жарылуу, өрт жана экологиялык коопсуздук жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
5. Жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдар жана алардын кесепеттери тууралуу маалымат ачык жана айкын болот.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 527 токтомуна)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы N 39 токтомунун редакцясына ылайык)
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча маалыматты топтоонун жана алмашуунун негизги эрежелерин аныктайт.
2. Маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби болжолдонгон жана/же болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкты маалымдоо боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, шаарлардын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын ортосундагы бирдиктүү, координацияланган жана макулдашылган өз ара аракеттенүү үчүн негиз болуп саналат.