Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 600 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 19-майындагы № 256 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 , 2023-жылдын 12-июлундагы № 349, 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 , 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды келген жери боюнча каттоо жол-жобосу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо аларды эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.
3. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт; Кыргыз Республикасы тарабынан өзгөчө статусу таанылган атайын эл аралык коргоого алынган чет өлкөлүк жарандарды каттоо тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.
4. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) аркылуу жүзөгө ашырылат:
- келген жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык аймактык бөлүмдөрүндө;
- "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтында.
Каттоого арыз берип жаткан учурда арыз ээсине ал ТМЭБСте катталган катар номер ыйгарылат.
"Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтына жетүү операторлордун ыйгарым укуктарынын деңгээлине жараша калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Кабыл алуучу тарап үчүн "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды электрондук каттоо" сайтында "жеке кабинетти" пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган, анда мурда каттоо үчүн берилген уставдык жана башка документтер, ошондой эле кабыл алуучу тараптын өтүнмөсү боюнча мурда катталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар сакталат.
Кабыл алуучу тарап жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган жеке маалыматтарды коргоо үчүн бардык зарыл болгон техникалык жана уюштуруучулук чараларды сактайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтому менен берилген өзгөртүүлөр Тартиптин 4-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
41. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоодо алардын арызынын негизинде, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык идентификациялык жеке номер ыйгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасы тарабынан өзгөчө статусу таанылган атайын эл аралык коргоого алынган чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо ушул Тартиптин 4-главасына ылайык жүргүзүлөт.
6. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген акыркы күндөн кечиктирилбей жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоону узартуу каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейинки акыркы күндөн кечиктирбей ишке ашырылат.
Каттоо узартылган учурда жаңы каттоо талону берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.
8. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмесине (мындан ары - Тизме) ылайык турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон тиешелүү мөөнөттөргө бошотулушу мүмкүн.
Эгерде Тизмеде каралган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун мөөнөтүн Тизмеде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашырышса, анда алар ушул Тартипке ылайык турган жери боюнча катталышы керек.
9. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү визанын колдонуу мөөнөтүнө узартылган визанын колдонуу мөөнөтүнө каттоону узартуу укугу менен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын жарандыгы жок адамдардын каттоосунун колдонуу мөөнөтүн узартуу визанын колдонуу мөөнөтү узартылгандан кийин жүргүзүлөт. Мында чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга виза узартылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кайрылууга же "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтында жогоруда аталган каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөн ашык мөөнөткө жеке максаттары менен Кыргыз Республикасынын аймагына келген Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын жарандарын каттоо келген максатына жараша Кыргыз Республикасында болуу укугун берген документтин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса жашы жете элек балдардын ким экендигин ырастоочу документтерин берүү жана алардын ата-энелерин, көзөмөлчүлөрүн жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир учурда жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо, жашы жете элек балдардын ким экендигин ырастоочу документтерин берүү менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын өтүнүч каты боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттары бар чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоо ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык 1 жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Жашаган жери өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттары бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам үч жумуш күндүн ичинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга же "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтында жогоруда аталган каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
121. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу же каттоону узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган мөөнөттөр тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келбеши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык)
Иш жүзүндөгү дарек болуп жашоо үчүн техникалык, санитардык жана башка талаптарга жооп берген турак жай же жатаканалар, пансионаттар, конок үйлөр, хостелдер (мындан ары - башка турак жай) болушу мүмкүн.
Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналбаса, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты болгондо жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)