КР Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
2024-жылдын 9-февралы ПЖ № 25
2024-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоону өркүндөтүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүн, 7-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планы 1-тиркемеге ылайык;
- 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасын башкаруу органдарын даярдоо боюнча комплекттөө планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдары бир айлык мөөнөттө:
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча 2024-жылга Жарандык коргонуунун тармактык жана аймактык пландарын иштеп чыксын;
- 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планына ылайык иш-чараларды уюштурсун;
- пландарды ишке ашырууну тиешелүү органдарга жана уюмдарга 2024-жылга каралган каражаттардын эсебинен жүргүзсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгына 1-тиркеме |