Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин XIII чакырылыштагы

 кезектеги XXXII сессиясы

 

2024-жылдын 09-февралы № 227/32-8

 

Талас шаарынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджети

жана 2025-2026-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 23.01.2024-жылдагы №01-19/149 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын Талас шаарынын 2023-жылга карата бюджетин жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу планын бекитүү боюнча протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Талас шаарынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 300000,0 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 300000,0 мин сом суммасында бекитилсин.

2. Талас шаарынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.

3. Талас шаарынын 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын. ( 1-2-тиркеме тиркелет).

2025-жылга киреше боюнча болжолу 304778,0 мин сом

2026-жылга киреше боюнча болжолу 339202,0 мин сом

4. Талас шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 3-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.( 3-тиркеме тиркелет)

5. Талас шаарынын 2025-2026 жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын. (4,5-тиркемелер тиркелет).

6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) жүргүзүлсүн.

7. Жергиликтүү бюджеттен 2023-жылы жетишсиз каржыланган бөлүгү 2024-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын. Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.

8. 2024-жылдын шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.

9. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 24-беренесине ылайык шаардык бюджетке 1500,0 мин сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.

10. 2024-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан, патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан түшүүлөр шаардын жергиликтүү бюджетинин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;

б) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаардын жергиликтүү бюджеттерине -50 пайыз өлчөмүндө.

11. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.

12. Чыгашалардын коргоого алынган беренелери Талас шаардык кенешинин токтомунун негизинде жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгашаларынын жалпы көлөмүн көбөйтүү жөнүндө же болбосо анын ресурстарын кыскартуу боюнча кабыл алынган бюджетке өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун Талас каржы башкармалыгы менен кошо талкуулангандан кийин сунушталсын.Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо (пайдалануу) үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.

13.  Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан ашык түшкөн кирешелер толугу менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын. Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын баардык суммасы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.

14. Жергиликтүү бюджетте бекитилген акча каражаттар жыл ичинде бир бөлүмдөн башка бөлүмгө жылдыруу, трансферттерди бөлүштүрүү шаардык кенештин сессиясында кабыл алынган токтомдордун негизинде жүргүзүлсүн. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде каралган киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин сметасында көрсөтүлгөн чыгымдарын жыл ичинде кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруулар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин (кат аркылуу) макулдугу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү каржы башкармалыгы аркылуу аткарууга алынсын.

15. Талас шаардык өзгөчө кырдаал штабтын чечиминин негизинде, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө каралган акча каражатын Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылоого уруксат берилсин.

16. Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча жана “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканалардын каржылоосу 2-тиркемеде көрсөтүлгөн беренелерине жүргүзүлсүн жана Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына казыналыктан атайын эсеп ачып, таштандылардан түшкөн акча каражатын атайын эсепке топтоп, каржылансын.

17. Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кенештин сессиясында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетунда тиешелүү түзөтүүлөр бекитилсин.

18. Талас каржы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) жыл ичинде шаардын бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.

19. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

20. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.