Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-февралы № 46-т
2024-жылы социалдык маанилүү товарларга баанын өсүшүн кармап туруу, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүү, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү мамлекеттик колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты берип турсун;
2) ушул тескеме менен бекитилген иш-чараларды толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 72-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ