Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 токтомуна) |
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартиби (мындан ары - Тартип) Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо" маалыматтык системасын пайдалануу менен юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартибин аныктайт.
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо (мындан ары - онлайн каттоо (кайра каттоо), ишин токтотууну онлайн каттоо) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо" маалыматтык системасы - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы (мындан ары - маалыматтык система) аркылуу юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жана ишин токтотууну каттоого байланышкан арыздарды жана маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтырууга арналган маалыматтык система;
2) арыз ээси - юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык арыз ээси катары чыгууга ыйгарым укуктуу адам;
3) каттоочу орган - юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) жана ишин токтотууну каттоону жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары;
4) каттоочу - юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо боюнча арыздарды жана маалыматтарды маалыматтык системаны пайдалануу менен юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү предметине карата кароого ыйгарым укуктуу каттоочу органдын кызматкери;
5) электрондук кол тамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан, маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн колдонулган электрондук формадагы маалымат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана ишин токтотууну каттоодо электрондук документтерди, кагаз түрүндөгү электрондук форматтарды, электрондук кол тамгаларды түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну онлайн каттоо үчүн арыз ээсинде маалыматтык системада документтерге кол коюуга мүмкүндүк берген булут электрондук кол тамганын болушу зарыл.
5. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну онлайн каттоо үчүн документтер каттоочу органга кагаз түрүндө электрондук форматта берилет.
Кагаз түрүндөгү электрондук үлгү ушул Тартиптин 5-главасында каралган тартипте техникалык каражаттардын жардамы менен түзүлөт.
6. Нотариат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык нотариустар юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо үчүн документтерди берүү укугуна ээ.
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жана ишин токтотууну каттоого нотариус тарабынан документтерди берүүдө ишеним кат талап кылынбайт.
2-глава. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо тартиби
7. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) онлайн каттоо үчүн арыз ээси каттоо арызынын тиешелүү электрондук формасын толтурат, анда арыз ээси жана катталуучу юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) арыз ээсинин статусу (уюштуруучу, жетекчи, ишеним каттын негизинде аракеттенген кол коюу укугу бар ишенимдүү адам, нотариус);
2) уюмдун түрү (коммерциялык, коммерциялык эмес);
3) уюштуруучулук-укуктук формасы;
4) мамлекеттик, расмий жана/же англис тилдериндеги толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;
5) менчиктин формасы (мамлекеттик, жеке, муниципалдык, аралаш жана башка);
6) уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмү;
7) юридикалык жактын финансылык-кредиттик уюм болуп саналгандыгы жөнүндө маалымат;
8) салыктык режим жөнүндө маалымат жана бухгалтердин фамилиясы, аты, атасынын аты;
9) жетекчи жөнүндө маалыматтар (идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН), жарандыгы);
10) уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар (уюштуруучу - жеке жактын жарандыгы, паспорттук маалыматтары, жашаган жери, ИЖН, уюштуруучу - юридикалык жактын идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН), толук фирмалык аталышы, юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) салымынын жана үлүшүнүн (пайынын) өлчөмү);
11) экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык экономикалык иштин негизги түрү;
12) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктерин белгилөө системасына ылайык юридикалык дареги;
13) электрондук дареги жана байланыш маалыматтары.
8. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) онлайн кайра каттоо үчүн арыз ээси каттоо арызынын электрондук формасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет, анда катталуучу юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) уюмдун түрү (коммерциялык, коммерциялык эмес);
2) уюштуруучулук-укуктук формасы;
3) мамлекеттик, расмий жана/же англис тилдериндеги толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;
4) менчиктин формасы (мамлекеттик, жеке, муниципалдык, аралаш жана башка);
5) уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмү;
6) юридикалык жактын финансылык-кредиттик уюм болуп санала тургандыгы жөнүндө маалымат;
7) жетекчиси жөнүндө маалыматтар (ИЖН, жарандыгы);
8) уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар (жарандыгы, паспорттук маалыматтары, жашаган жери, уюштуруучу - жеке жактын ИЖН, толук фирмалык аталышы, уюштуруучу - юридикалык жактын идентификациялык салык номери, юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) салымынын жана үлүшүнүн (пайынын) өлчөмү);
9) экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык экономикалык иштин негизги түрү;
10) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктерин белгилөө системасына ылайык юридикалык дареги.
9. Каттоо арызынын электрондук формасын толтургандан кийин арыз ээси ушул Тартиптин 3-главасында көрсөтүлгөн тизмекке ылайык документтердин электрондук форматын тиркейт, арызга электрондук кол тамга коёт жана маалыматтык система аркылуу каттоочу органга жөнөтөт.
10. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин онлайн токтотуу үчүн арыз ээси арыз ээсинин (жоюучу же жоюу комиссиясынын төрагасы) статусун көрсөтөт, ушул Тартиптин 3-главасында көрсөтүлгөн тизмекке ылайык документтердин электрондук форматтарын тиркейт, арызга электрондук кол тамга коёт жана маалыматтык система аркылуу каттоочу органга жөнөтөт.
11. Эгерде электрондук формада берилген документте бир нече адамдын (уюштуруучулардын, кызмат адамдарынын) кол тамгасынын болушу талап кылынса, мындай адамдардын ар бири мындай документке өзүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коёт.
12. Каттоо арызынын электрондук формасы арыз ээси толтурушу милдеттүү да, милдеттүү эмес да графаларды камтыйт. Мында толтуруу үчүн милдеттүү графалар "*" символу менен көрсөтүлгөн.
Арыздын милдеттүү графалары туура эмес жана (же) толук эмес толтурулган учурда маалыматтык система тарабынан баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арызды кабыл алуудан баш тартылат.
13. Арыз жөнөтүлгөндөн кийин маалыматтык система автоматтык режимде арыз ээсине кабыл алынган датасын жана убактысын көрсөтүү менен каттоо органы тарабынан арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлайт.
14. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык каралган мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка мөөнөттөрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. Арыз ээси арызды кароонун кайсы стадиясында болбосун, каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо жөнүндө же мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) жана ишин токтотууну каттоодон баш тартуу жөнүндө буйрук чыкканга чейин аны чакыртып алууга укуктуу.