Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 22 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо МЕТОДИКАСЫ
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо (мындан ары - аппарат жетекчилери) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү жыл үчүн алардын ишинин натыйжаларын баалоо болуп саналат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Ишти баалоо төмөнкү компоненттерди камтыйт:
1) кесиптик баалоо - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын баалоо;
2) жамааттык баалоо - мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын (мындан ары - кызматчылар) сурамжылоонун натыйжалары боюнча, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуу менен баалоо.
3. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоо ушул Методикага ылайык мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт.
Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынан тышкары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, шаарлардын мэрияларында аппарат жетекчилеринин ишин баалоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жардамы менен ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү региондор аралык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2-глава. Баалоону уюштуруу
4. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоону жана баалоону эсептөөнү аныктоону уюштуруу ыйгарым укуктуу орган жана анын региондор аралык башкармалыктары тарабынан ишке ашырылат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Аппараттын ар бир жетекчисинин ишин акыркы баалоону ыйгарым укуктуу орган карайт жана бекитет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кызмат ордунда 6 айдан ашык иштеген аппарат жетекчилеринин ишине баалоо жүргүзүлүүгө тийиш.
(КР Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3-глава. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоону өлчөө системасы