Документке
Мурунку01.02.2024

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI кезексиз  сессиясы

2024-жылдын 1-февралы №28-36/6

Гречко атн кѳчѳсʏн Сарт аке атындагы кѳчѳсʏ деп ѳзгѳртʏʏ жѳнʏндѳ

        Каракол шаарынын №1, №3, №4 аймактык башкармалыгынын, Гречко атн кѳчѳсʏнʏн жашоочуларынын жыйналыштарынын протоколдорун карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII  чакырылышынын XXXVI сессиясы

токтом кылат:

1. Каракол шаардык Кенешинин, 2004-жылдын 3-июнундагы №24-10/11 “Каракол

    шаарынын кѳчѳлѳрʏнʏн атын ѳзгѳртʏʏнʏн тартибин жѳнгѳ салуу жѳнʏндѳ” 

    токтомунун №1 тиркемесинен, ѳзгѳчѳ тартипте, Гречко атн кѳчѳсʏ, атын  ѳзгѳртʏʏгѳ

    жатпай турган кѳчѳлѳрдʏн тизмесинен чыгарылсын.

2. Гречко атындагы кѳчѳсʏ Сарт Аке атындагы кѳчѳсʏ деп аталсын.

3. Демилгелʏʏ топ:

    -кѳчѳнʏ кѳрктѳндʏрʏʏ, жашылдандыруу иштерине ар тараптан кѳмѳк      кѳрсѳтʏшсʏн;

    -“Каракол шаарынын линиялык жана локалдык транспорттук обьектилерин, кѳчѳлѳргѳ, аянттарга жана башка аймактарга ат коюунун, атын ѳзгѳртʏʏнʏн жана жаңы ысымдарды ыйгаруу тартиби жѳнʏндѳ” Жобонун 10,11-беренесинин бардык зарыл болгон талаптарын аткарсын.

4.  Бул токтом ушул токтомдун 3-пункту аткарылгандан кийин кʏчʏнѳ кирет.

5.  Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин. 

6.  Токтом ММКларга  жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.

7.  Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык  ишкердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи- вице мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

Тѳрага                                                                                                     Т.Ж.Акимканов

Жаңы28.02.2024