Документке
Мурунку01.02.2024

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI кезексиз  сессиясы

2024-жылдын 1-февралы №28-36/7

Ж-2А зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине толуктоону киргизʏʏ жѳнʏндѳ

           Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы С.С.Ɵскѳнбаевдин, Ж-2А зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2023-жылдын 10-ноябрындагы, чыг:№01-10/829 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  XXXVI сессиясы,

токтом кылат: 

1. Ж-2А (пайдалануунун тʏрлѳрʏ чектелген, индивидуалдуу ʏйлѳрдʏ куруу жана майда мʏйʏздʏʏ малды кармоого уруксаат берилген зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, Каракол шаарындагы, Ысык-Кѳл №15 дарегинде жайгашкан, аянты 583,0 м2, болгон жер тилкесине тиешелʏʏ тѳмѳнкʏ «Дене тарбия жана ден соолук залы» подпункту менен толукталсын.

2. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

     -Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн

     ѳзгѳртʏʏнʏ жана толуктоону киргизсин;

-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын,    кыйшаюсуз аткаруусун камсыз кылсын.

3.   Р.Дж.Нургаев:

     -Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана       Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын;

4.  Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ   ʏчʏн    областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.   Токтом ММКларда жарыялансын.

6.   Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,

курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана  Каракол   шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 Тѳрага                                                                                                    Т.Ж.Акимканов

 

Жаңы28.02.2024