Документке
Мурунку01.02.2024

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI кезексиз  сессиясы

2024-жылдын 1-февралы №28-36/11

Каракол шаардык Кенешинин, 2018-жылдын 29-декабрындагы, №27-26/10 “Каракол шаарынын тарыхый-маданий мурас обьектилеринин реестрин бекитʏʏ жѳнʏндѳгʏ” токтомунун 25 пунктун жокко чыгаруу жѳнʏндѳ

 

             Каракол шаарынын прокурору У.Кубаныч уулунун, 2024-жылдын 24-январындагы, кир:№01-7/20, Каракол шаардык Кенешинин, 2018-жылдын 29-декабрындагы, №27-26/10 “Каракол шаарынын тарыхый-маданий мурас обьектилеринин реестрин бекитʏʏ жѳнʏндѳгʏ” токтомунун 25 пунктун жокко чыгаруу жѳнʏндѳгʏ протестин карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII  чакырылышынын XXXVI сессиясы

                                                             токтом кылат:

1. Каракол шаардык Кенешинин, 2018-жылдын 29-декабрындагы, №27-26/10 токтому менен бекитилген, Каракол шаарынын тарыхый-маданий мурастар реестринин 25-пункту жокко чыгарылсын.  

2. Каракол шаарынын мэриясы, 2024-жылдын 1-мартына чейин, Каракол шаарынын тарыхый-маданий мурас обьектилеринин реестрин, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирсин.

3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом ММКларга жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.

5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Тѳрага                                                                                                     Т.Ж.Акимканов

 

Жаңы28.02.2024