| Жалал-Абад шаардык кеңештин 14.02.2024-жылдагы кезексиз XXXVII сессиясынын №1-токтомуна №1-тиркеме |
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкаруулары жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. МАБнын негизги милдеттери жана функциялар
III. МАБнын ыйгарым укуктары
IV. МАБнын түзүмү жана штаттык саны
V. МАБнын иш-аракетин уюштуруу жана контролдоо
VI. Эсепке алуу жана отчеттуулук
VII. МАБны материалдык-финансылык жактан камсыздоо
VIII. Эмгек мамилелери
IX. МАБны кайрадан уюштуруу жана жоюу
I. Жалпы жоболор
Бул жобо Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык аймактык башкаруусу (мындан ары - МАБ) түзүүнүн жалпы тартибин, иш-аракетин белгилейт жана укуктук статусун аныктайт. Бул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
1. МАБы Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана ыйгарылган функцияларды аткаруу максатында, өз алдынча жана жеке жоопкерчилик үчүн өз компетенциясынын чектеринде турак үйлөрдүн, кварталдардын, көчөлөрдүн, кичи райондордун анык чектериндеги калктын тыгыз жашоосунун аймагында түзүлөт.
МАБы тарабынан тейленүүчү аймактардын чектери жана МАБы жөнүндө типтүү Жобо Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
Жалал-Абад шаарынын мэриясы МАБнын уюмдаштыруучусу болуп саналат.
2. Жалал-Абад шаардык мэриясы МАБнын иш-аракетин контролдоону жана координациялоону жүзөгө ашырат.
3. МАБы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып "Мекеме" - уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, өз аталышы менен гербдүү мөөрү, штампы, өздүк счету, фирмалык бланкы бар.
4. МАБы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аймактык түзүмдɵрү болуп саналат. МАБнын кызматкерлери муниципалдык кызматкер статусуна ээ.
5. МАБы өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Мыйзамдарын жана башка укуктук актыларды жана бул Жобону жетекчиликке алат.
6. МАБы өз иш-аракетин мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык түзүмдɵрү, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын түзүмдүк бɵлүмдɵрү, ар түрдүү коомдук өз алдынча башкаруу жана менчиктик формаларына карабастан юридикалык жактар менен ведомстволук аймактык калктын өз ара мамилелерде Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана өз компетенциясынын чектеринде бекитилген аймактагы калктын кызыкчылыгын көрсөтүү менен жүзөгө ашырат.
7.МАБы коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактар менен келишимдик негизинде өз ара мамилелерди түзөт.
8. МАБы өз иш-аракетин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
а) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк жана аймактык түзүмдɵрү менен алардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө;
б) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында отчеттуу;
в) ведомстволук аймактын жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү;
г) иште социалдык калыстыкты, ачык-айкындуулукту сактоо, коомдук уюмдар, ведомстволук аймактагы калк менен тыгыз байланышта болуу;
д) жыйналыштарда, чогулуштарда жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоодо бекитилген аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүн катышууга тартуу.
II. МАБнын негизги милдеттери жана функциялар
9. МАБнын негизги милдеттери болуп жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу саналат.
10. Төмөндөгүлөр МАБнын негизги функциялары болуп саналат:
а) ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларын, Жалал-Абад шаардык кеңештин, мэриянын чечимдерин аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары жана чечимдери жөнүндө калкты кабарлоо жана алардын аткарылышын уюштуруу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен макулдугу боюнча келишимдин негизинде функцияларды аткаруу жана мэрия тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
г) кварталдык жана үй комитеттерди, аксакалдар сотторун, турак жай ээлеринин шериктештиктерин, башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
д) жарандык кайрылуулар менен тикеден-тике жана тургундардын коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун формалары, аксакалдар соту, мэриянын административдик комиссиясы жана мамлекеттик бийлик органдары аркылуу иштөө;
е) тургундардын күнүмдүк жашоо турмушун камсыздоо маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү;
ж) калк менен коммуналдык кызматтарды жеткирүүчү уюмдардын келишимин аткаруу мониторинги;
з) коомдук өз алдынча башкаруунун формаларына дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жана бюджеттен тышкаркы ресурстардын каражаттарын тартууга көмөк көрсөтүү;
и) эң жакшы кварталдык жана үй комитеттердин, турак жай ээлеринин шериктештиктеринин жана башка коммерциялык эмес уюмдарынын, тажрыйбасын таркатуу жана жалпылоо;
к) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна аларга ыйгарылган башка функцияларды аткаруу.
III. МАБнын ыйгарым укуктары
11. МАБнын өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
а) ведомстволук аймактын социалдык-экономикалык программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
б) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенет;
в) чарбалык субъектилер менен турак жай фондун ремонттоо жана техникалык тейлөө боюнча келишим түзүүдө коомдук өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
г) бардык балдар жана өспүрүмдөрдүн билим алуусун камсыздоо үчүн билим берүү уюмдарына мектеп жана мектепке чейинки балдардын учетун жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
д) бекитилген аймактагы Санарип Аймак программасы боюнча маалыматтык базаны түзөт жана жаңыртып турат;
е) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун МАБга өткөрүлүп берилген муниципалдык менчик объекттерин оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат;
ж) Жалал-Абад шаардык мэриясына, ошондой эле мамлекеттик органдарга, менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге МАБнын карамагына тийиштүү маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
з) ведомстволук аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, бак-дарактарды сугаруу боюнча иштерди жана башка турак жай-коммуналдык чарбанын функциясына тийиштүү маселелердин аткарылышына контролду жүргүзөт;
и) кварталдык жана үй комитеттеринин шериктештиктери менен коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай формасындагы уюмдар менен калкка кызматтарды көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
к) кварталдык жана үй комитеттеринин шериктештиктери менен биргелешип жер төлөөлөрдүн, чатырчалардын, кирмелердин жана үйлөрдүн абалын үчүн жалпысынан, курулуш жана жолдорду, инженердик тармактарды ремонттоону жүргүзүүчү уюмдардын ишин жүргүзүү үчүн, эксплуатациялык уюмдар тарабынан жылуулук, электр, суу, газ менен камсыздоо, лифт чарбасынын ишиндеги аварияларды жана кемчиликтерди четтетүү үчүн жер, ландшафт, курулуш иштерин жүргүзүү боюнча мониторинг жана кɵзɵмɵлдɵɵ жүргүзөт;
л) Жалал-Абад мэриясы менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте катталган коомдук өз алдынча башкаруунун субъекттерине өз функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын бөлүгүн келишимдин негизинде ыйгарат;
м) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк бɵлүмдɵрү керектөөчү рыногунун жана кызматтардын тармагын, шаардык транспорттун каттам тармагынын жана анын жүрүү расписаниясын өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
н) ведомстволук аймакта коомдук тартипти кармоодо укук коргоо органдарына көмөк көрсөтөт;
о) мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ар кандай фонддор, юридикалык, жеке жактар тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен калктын аз камсыз болгон катмарын даректүү социалдык коргоо боюнча ишти уюштурууда катышат;
п) шайлоо, референдум, депутаттардын шайлоочулар менен бардык деңгээлдеги жолугушууларын уюштурууда, коомдук пикирди суроолорду өткөрүүдө уюштуруусуна көмөк көрсөтөт;
р) шаардын аткаруу бийлигинин тармактык органдары менен бирдикте балдар, өспүрүмдөр, жаштар жана үй-бүлөлөр менен алардын жашаган жери боюнча ишти уюштурат жана жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр, жаштар менен социалдык-педагогикалык жана эс алуу иштерин алып баруучу клубдардын жана борборлордун иш-аракетине кɵзмɵлдɵɵнү жүзөгө ашырат;
с) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аксакалдар сотторунун, мэриянын административдик комиссиясынын кароосуна материалдарды жиберет;
у) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. МАБнын карамагында бекитилген аймактын жашоочуларынын санынан калктын жашоо турмушун камсыздоо жана аймакты өнүктүрүү: көрктөндүрүү, балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө, турак жай коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча коомдук комиссия түзүүсү мүмкүн.
IV. МАБнын түзүмү жана штаттык саны
13. МАБнын түзүмү жана штаттык саны Жалал-Абад шаардык мэриясынын сунушу боюнча Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
V. МАБнын иш-аракетин уюштуруу жана кɵзɵмɵлдɵɵ.
14. Жалал-Абад шаарынын мэриясы МАБны башкаруунун эң жогорку органы болуп саналат.
15. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын өзгөчө компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
а) Жалал-Абад шаардык кеңештин бекитүүсүнө төмөнкүлөрдү иштеп чыгат жана даярдайт:
- МАБы жөнүндө Типтүү жобону;
- МАБнын Типтүү түзүмүн жана штаттык расписаниясын;
б) Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан МАБга берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын тизмегин бул жобого ылайык аныктайт;
в) МАБны кайрадан уюштуруу же жоюу;
г) функциялардын аткарылышын жана берилген ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын кɵзɵмɵлдɵйт;
д) Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык МАБнын башчысын кызматка дайындайт;
е) өз арызы менен же ыйгарым укуктарын аткарбаган учурда МАБнын башчысын кызматтан бошотууну жүзөгө ашырат;
ж) МАБнын иш-аракетин кɵзɵмɵлдɵйт.
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жыл, 28-май №5 токтомдун редакциясына ылайык)
16. Башчы МАБнын иш-аракетин жетектөөнү жүзөгө ашырат. МАБнын башчысы жок учурда анын ыйгарым укуктарын башкы адис жүзөгө ашырат.
17. МАБнын башчысы кызматына талапкер жарандар, жогорку билимдүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес же өз адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу тийиш. МАБнын башчысы кызматына Кыргыз Республикасынын жараны эмес, соттун чечими менен жөндөмсүз болуп табылган, берилген мыйзам тартибинде соттолгондугу алынып салынбаган же жоюлбаган жарандар боло албайт.
18. МАБнын башчысы:
а) бул Жобого ылайык МАБнын утурумдук иш-аракетин уюштурат, өзүнүн ыйгарым укугунун ченеминде МАБнын мүлкүн жана финансылык каражаттарын тескейт, кредиттик-эсептик мекемелерде эсептик жана башка счетторду ачат, ишеним кат берет;
б) МАБнын иш-аракетине тийиштүү болгон жана бул Жобого жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына каршы келбеген маселелерди өз алдынча чечет;
в) МАБнын иш-аракетин камсыздоочу документтерге кол коюу укугуна ээ;
г) ишеним катсыз МАБнын атынан иштейт, аны юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде көрсөтө алат;
д) бекитилген штаттык расписанияга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык МАБнын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
е) кызматтык милдеттерди бекитет, МАБнын бардык кызматкери, ошондой эле штаттык расписаниядан тышкары келишим боюнча иштеген кызматкерлер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды чыгарат;
ж) бул Жобо тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде чарбалык жана башка келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерди (контракттар) түзөт.
19. МАБнын башкаруусунун башкы адиси Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
VI. Эсепке алуу жана отчеттуулук
20.МАБы өзүнүн чарбалык иш-аракетинин жыйынтыктарын эсепке алууну жүргүзөт жана белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
21.МАБнын финансылык-чарбалык иш-аракетине контроль Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган компетенттүү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
22.МАБнын башчысы жана бухгалтери эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартибин сактоого жана ишенимдүүлүгүнө жеке жоопкерчилик алат.
23.Жалал-Абад шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын суроо-талабы боюнча МАБлар өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берет.
VII. МАБны материалдык-финансылык жактан камсыздоо
24. МАБга оперативдүү башкаруу укугунда мүлк бекитилет.
25. МАБы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик ээси, Жалал-Абад шаардык мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилген мүлктү пайдаланууга укуктуу.
26. МАБны күтүүгө чыгымдарды каржылоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жак тарабынан кайтарымсыз берилүүчү каражаттардын жана атайын каражаттардын;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелердин.
VIII. Эмгек мамилелери
27. МАБнын жумушчуларынын эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамынын ченемдери тарабынан жөнгө салынат.
28. МАБнын жумушчуларынын эмгек режими жана эс алуусу, алардын социалдык камсыздоосу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
IX. МАБны кайрадан уюштуруу жана жоюу
29. МАБны кайрадан уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тартипте жүргүзүлөт.
30. МАБны жойгондон кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
31. Юридикалык жактардын Мамлекеттик реестрине бул жөнүндө жазуу киргизилген учурдан тартып жоюу аяктаган болуп эсептелинет.
32. МАБнын иш-аракетинин процессинде пайда болгон документтер, аны жойгон учурда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.