Загрузка документа…
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругуна)
Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык
ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө
Жалпы жоболор
КР Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 7-июлундагы № 131 буйругуна редакцияга ылайык)
1. Ушул Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) жеке нотариалдык ишти жүргүзүүгө лицензияларды берүүнүн, кайра тариздөөнүн, токтото туруунун, калыбына келтирүүнүн, токтотуунун жана кайра чакыртып алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын негизинде регламенттейт.
2. Лицензия – адамдын жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укугу жөнүндө күбөлөндүргөн белгиленген формадагы документ (мындан ары – лицензия).
3. Жеке нотариалдык ишти жүргүзүүнү каалаган адамдар «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.
4. Лицензия жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лизензия алууга талапкер адамдардан Юстиция министрлигинин алдындагы Квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде квалификациялык экзаменди тапшыргандан кийин бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан берилет.
4.1. Локалдаштырылган лицензияны алуу келип түшкөн арыздын негизинде берилет.
Локалдаштырылган лицензия алган адамдар белгилүү бир аймакта (нотариустардын жетишсиздиги байкалган райондордо) гана жеке нотариалдык иш жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен келишим (контракт) түзүүгө милдеттүү;
5. Лицензия ажыратылгыс болуп саналат, биринчи жолу 5 жылга берилет, андан кийин, эгер жеке нотариалдык ишти жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-9-пункттарында каралган негиздер боюнча лицензия токтотулуп турбаса, квалификациялык экзаменди тапшырбастан кийинки 10 жылга жана андан кийин ал чектелген куракка жеткенге чейин узартылат.
6. Лицензия төмөнкү адамдарга берилбейт:
1) Башка жарандыгы, кош жарандыгы, ошондой эле чет мамлекетте туруктуу жашоого уруксаты бар адамдарга;
2) жарандыгы жок адамдарга;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;