Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 400 токтомуна)
Органикалык өндүрүшкө сертификаттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Колдонуу чөйрөсү
1. Бул Жобо "Органикалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасында органикалык өндүрүштү ыктыярдуу сертификаттоонун жалпы принциптерин аныктайт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) ички контролдоо системасы - сапатын камсыз кылуунун документтештирилген системасынын бөлүгү болуп саналган органикалык өндүрүш тобунун ички сапат системасы;
2) ыктыярдуу сертификаттоо (мындан ары - сертификаттоо) - шайкештикти ырастоочу форма, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган органикалык өндүрүш, жүгүртүү жана маркалоо, органикалык өндүрүмдүн шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү талаптарга органикалык өндүрүш жана/же органикалык өндүрүм шайкеш келерин документ менен ырастайт;
3) булгануу - органикалык өндүрүмдүн же өндүрүштүн булганышы, же болбосо органикалык сертификаттоо үчүн өндүрүмдүн жараксыздыгына алып келген, негизинен микробдук же химиялык калдыктар менен байланышкан кандай болбосун материалдар менен байланышы;
4) арыз ээси - органикалык шайкештик сертификатын алуу үчүн сертификаттоо боюнча органга арыз менен кайрылган юридикалык же жеке жак;
5) түзөтүүчү иш-чаралар - бузуунун же шайкеш эместиктин себебин жоюу боюнча иш-аракеттер;
6) органикалык өндүрүш планы - органикалык өндүрүштүн бардык аспекттерине тийиштүү жазуу жүзүндөгү пландарды камтыган, органикалык өндүрүштүн оператору же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу жана сертификаттоо боюнча орган менен макулдашылган органикалык өндүрүштү башкаруу планы;
7) текшерүү - органикалык өндүрүштүн операторунун же операторлор тобунун өндүрүштүк ишинин органикалык өндүрүштүн эрежелерине жана сертификаттоо талаптарына ылайык келишин текшерүү үчүн сертификаттоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн объектке баруусу;
8) жол-жоболоштуруу документтери - сертификаттоо боюнча орган жүргүзгөн процесстердин ырааттуулугу жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер;
9) бөлөк өндүрүү - өндүрүштүн же өндүрүштүк бирдиктин бир бөлүгү гана органикалык өндүрүш үчүн арналган кырдаал, участоктун калган бөлүгү органикалык эмес өндүрүш үчүн колдонулушу же органикалык өндүрүшкө өтүү процессинде болушу мүмкүн.
3-глава. Жалпы жоболор
3. Органикалык өндүрүштү сертификаттоо ыктыярдуу мүнөздө болот жана органикалык өндүрүштүн жана органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн эрежелерине жана стандарттарына шайкештиги үчүн жүргүзүлөт.
4. Органикалык өндүрүштү сертификаттоо улуттук аккредитация системасында аккредитацияланган органикалык өндүрүштү сертификаттоо боюнча органдар тарабынан жүргүзүлөт.
5. Өндүрүштүн бардык этаптарында (өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, таңгактоо, маркалоо, ташуу процесстери) органикалык өндүрүмдү өндүрүү процесстери органикалык өндүрүштү текшерүү, талдоо жана баалоо объекттери болуп саналат.
6. Өндүрүмдүн шайкештигин тастыктоо үчүн сыноолор аккредитацияланган сыноо лабораториялары (борборлору) тарабынан жүргүзүлөт.
7. Органикалык өндүрүш сертификаттары электрондук басып чыгаруучу түзүүштү колдонуу менен гана, мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделет.
8. Органикалык өндүрүш сертификаты төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арыз ээсинин аталышын, дарегин, идентификациялык кодун жана байланыш маалыматтарын;
2) органикалык өндүрүмдү өндүрүүчүнүн (органикалык өндүрүштүн операторунун же операторлор тобунун) аталышын, дарегин, идентификациялык кодун жана байланыш маалыматтарын;
3) сертификаттоо боюнча органдын аталышын, дарегин, идентификациялык кодун;
4) органикалык өндүрүштүн категорияларын - өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы жана/же органикалык өндүрүмдү жүгүртүү (импорттоо, жүгүртүүгө чыгаруу ж.б.);
5) сертификаттын күчүнө кирген датасын жана категориялар боюнча жарактуулук мөөнөтүн;
6) датасын жана сертификатты берген сертификаттоо боюнча органдын жетекчисинин колтамгасын;
7) органикалык өндүрүш сертификатталган стандарттын аталышын;
8) шайкештик сертификатын берүүгө негиз болгон документтерди.
9. Сертификаттын күчү жайылтылууга тийиш болгон сертификатталган органикалык өндүрүш өндүрүмүнүн тизмеги органикалык шайкештик сертификатынын өзүндө же анын тиркемесинде көрсөтүлөт. Өндүрүмдөрдүн тизмеги өндүрүмдүн аталышын, идентификациялык коддорун, санын (товардын, өндүрүмдүн партиясын) жана жеткирүү датасын камтыйт.
10. Сертификаттын тиркемесинде ошондой эле параллель өндүрүү/кайра иштетүү (органикалык эмес өндүрүштүн болушу) жөнүндө маалымат чагылдырылат.
11. Органикалык шайкештик сертификатынын жарактуулук мөөнөтү үч жыл.
12. Арыз ээсинин аталышы, органикалык өндүрүштүн аталышы, анын юридикалык жана иш жүзүндөгү жайгашкан жеринин дареги, ошондой эле органикалык өндүрүш боюнча иш жүргүзгөн жеринин дареги (даректери) жана өндүрүмдүн аталышы мамлекеттик же расмий тилде же латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен көрсөтүлөт.
13. Органикалык шайкештик сертификатын чет тилинде тариздөөгө арыз ээсинин расмий кайрылуусу жана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделген органикалык шайкештик сертификаты болгон же стандарттардын талаптары болгон учурда жол берилет.
14. Сертификаттоо боюнча органдар өз ишин төмөнкүлөр камтылган менеджмент системасынын негизинде жүзөгө ашырышат:
1) ISO/IEC 17065 стандартына ылайык сапат боюнча көрсөтмө жана документтештирилген иш жол-жоболору;
2) сертификаттоо боюнча органдын финансылык, техникалык жана адам ресурстарынын сыпатталышы;
3) сертификаттоо боюнча органдын персоналынын, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын, жоопкерчиликтерин жана отчеттуулуктарын бөлүштүрүү;
4) сертификаттоо жөнүндө чечим кабыл алуу процессинин ар бир этабы үчүн отчеттуулуктун жана көзөмөлдүн бекитилген жол-жоболору;
5) ар жылдык окутуу (потенциалды жогорулатуу) жана персоналды баалоо программасы;
6) тобокелдиктерди талдоого, баалоого жана башкарууга негизделген мониторинг жана сапатты контролдоо системасынын жол-жоболору;
7) сертификаттоо боюнча органдын логотибин жана сертификаттоо ыкмаларын колдонууга карата талаптарды, тыюу салууларды же чектөөлөрдү камтыган арыз ээлеринин укуктарынын жана милдеттеринин сыпаттамасы;
8) даттанууларды жана аппелияцияларды кароонун тартиби;
9) арыз ээлеринен алынуучу баалардын бекитилген прейскуранты;
10) органикалык өндүрүмгө сыноо жана талдоо жүргүзүү үчүн аккредитадияланган лабораториялар менен контракттар;
11) органикалык өндүрүмгө жана өндүрүшкө талаптарды белгилеген сертификаттоо боюнча органдын аккредитациялоо чөйрөсүнө кирген стандарттар.