Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 7-февралы № 52

Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө", 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) айыл өкмөтүнүн штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;

3) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги 3-тиркемеге ылайык;

4) республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги 4-тиркемеге ылайык;

5) жергиликтүү кеңештердин (облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин, айылдык кеңештердин) штаттык санынын чеги 5-тиркемеге ылайык;

6) республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чеги 6-тиркемеге ылайык;

7) айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү 7-тиркемеге ылайык;

8) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмү 8-тиркемеге ылайык;

9) республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмү 9-тиркемеге ылайык;

10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык расписаниесинин типтүү формасы 10-тиркемеге ылайык.

2. Аймагында пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан шаарлардын мэрлерине жергиликтүү бюджеттерди, керектөө ченемдерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү коммуналдык кызматтарга жана товарларга тарифтерди, жүргүнчүлөрдү жалпы пайдалануудагы автомобилдик транспорт менен ташууга тарифтерди бекитүү боюнча ыйгарым укуктар берилет деп белгиленсин.

Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктунун экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) 2024-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан айыл аймактарынын жана шаарлардын 2024-жылга жергиликтүү бюджетин аткаруу механизмин иштеп чыксын жана ишке ашырсын;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке жаңы түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин схемалык карталарын даярдоо үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүп берсин;

3) корголгон беренелер боюнча чыгымдардын көлөмүн "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген деңгээлде 3 жылга сактоону камсыз кылсын;

4) пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан айыл аймактарында жана шаарларда 2024-жылга жана кийинки жылдарга теңдөөчү трансферттердин жана башка кирешелердин көлөмдөрүнүн мүмкүн болуучу төмөндөшү боюнча компенсациялык чараларды кошулуучу аймактарды өнүктүрүүнү каржылоону эске алуу менен иштеп чыксын;

5) 2024-жылга шаарларга кошулуучу аймактарда жайгашкан билим берүү уюмдарын күтүүгө чыгымдарды республикалык бюджеттен каржылоону камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги айыл аймактарын жана шаарларды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына практикалык жана методикалык жардам көрсөтсүн жана инвестицияларды тартуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.