Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 735
Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө
Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин (мындан ары - жайыттар) пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө", 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" жарлыктарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жайыт пайдалануучулар бирикмелери (мындан ары - ЖПБ) ортосундагы мүлктү жана документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө акттын формасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эки айлык мөөнөттө жайыттарды башкаруу укугун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтом менен бекитилген Убактылуу жободо белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ЖПБ ортосунда жайыттарды башкаруу укугун өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча ишти уюштурсун.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ЖПБ менен келишимдерди жокко чыгаруу;
- белгиленген тартипте ЖПБ бардык мүлктөрүн жана зарыл болгон документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү жүргүзүү;
- жайыттарды башкарууну жүзөгө ашыруу;
- муниципалдык ишканаларга жайыттарды башкаруу жана пайдаланууга берүү укугун өткөрүп берүү;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу укугун берүүдө жогоруда аталган Убактылуу жобону жетекчиликке алуу;
- муниципалдык ишканалардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу укугун берүү тартибин сактоосуна контролду камсыз кылуу.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ