БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 4
Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө
Депутаттар Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставы менен таанышып жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге жүктөлсүн.
Төрага | С.Осмонов |