Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 77 токтомуна)
Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартиби (мындан ары - Тартип) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялардын жетекчиликке алуусу үчүн өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоону, бардык чыгымдарды системалуу каттоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн бирдиктүү ченемдерин жана эрежелерин белгилейт.
2. Тартиптин максаты кызыкдар тараптардын толук катышуусунун жана көмөк көрсөтүүсүнүн негизинде этап-этабы менен иш-аракеттердин алгоритмин аныктоо жана зыянды, өзгөчө кырдаалдардан жана өзгөчө окуялардан келип чыккан социалдык-экономикалык терс кесепеттерди баалоодо жана талдоодо, чыгымдарды эсепке алуу жана каттоо процессин системалаштырууда методикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.
3. Өзгөчө кырдаалдардан жана өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, чыгымдарды эсепке алууну жана каттоону системалаштыруунун укуктук-уюштуруу негиздери "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарды классификациялоо жана аларды баалоонун критерийлери жөнүндө чечими жана Жарандык коргонуу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
4. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды жана чыгымдарды баалоо төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн зарыл:
1) экономикалык жоготууларды жана башка социалдык-экономикалык терс кесепеттерди, өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын экономикалык көрсөткүчтөргө мүмкүн болуучу таасирин баалоону, иш менен камсыз кылуунун убактылуу кыскаруусун, жабыр тарткан жарандардын жана үй чарбаларынын кирешелеринин жана материалдык абалынын деңгээлинин төмөндөшүн;
2) өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик иш-чараларды, калктын жаракат алуусун азайтуу жана экономиканы этап-этабы менен калыбына келтирип баштоону;
3) экономикалык чыгымдарды жана өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объекттерди толук калыбына келтирүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каржылоого муктаждыктарды;
4) жалпысынан өлкөнүн экономикасына, ички дүң продукцияга, экспорттун, импорттун, кирешенин, жакырчылыктын деңгээлине жана башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө таасир этүүсүнүн даражасына;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча өлкөнүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн тышкары зарыл болгон эл аралык жардамды суроо жана алуу процессин демилгелөөнүн зарылдыгын.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр
5. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) зыян - өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын таасиринин натыйжасында келип чыккан жабыр тарткан аймактагы болгон материалдык каражаттардын, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттердин жарым-жартылай же толук бузулушу;
2) чыгым - бул өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында келип чыгуучу өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объекттердин социалдык-экономикалык ишиндеги келип чыгуучу жагымсыз өзгөрүүлөр.
3-глава. Зыянды баалоо жана аны эсепке алууну системалаштыруу боюнча иштерди уюштуруу
6. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоо, аны эсепке алууну системалаштыруу төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
1) карамагында объекттер турган менчигинин түрүнө карабастан уюмдар;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары;
4) министрликтер, администрациялык ведомстволор.
7. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын жумушчу органы катары ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин ишин уюштурат жана координациялайт.
8. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоо боюнча иш-чараларды убагында жана сапаттуу жүргүзүү аймагында өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя келип чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
9. Ар бир конкреттүү учурда тармакка/секторго/объектке жараша өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыяндын иш жүзүндөгү өлчөмү ведомстволук (тармактык, сектордук, объекттик) методикалардын/нускамалардын/колдонмолордун негизинде эсепке алуу маалыматтарына ылайык аныкталат жана системалаштырылат.