Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 77 токтомуна)
Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссияларды жетектөө үчүн өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин уюштуруунун бирдиктүү ченемдерин жана эрежелерин белгилейт.
2. Тартиптин максаттары кызыкдар тараптардын ар тараптуу катышуусунун жана көмөктөшүүсүнүн негизинде өзгөчө кырдаалды же өзгөчө окуяны, алардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү боюнча авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди пландоо жана жүргүзүү болуп саналат.
3. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда этабы менен калыбына келтирүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калыбына келтирүү аймагынын чектерин белгилөө менен өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын натыйжасында келтирилген зыянды жыйынды баалоо;
2) жабыр тарткан объектилерди жана инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө керектөөлөрдү реалдуу баалоо;
3) өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан жабыр тарткан калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын объекттерин жана инфратүзүмүн калыбына келтирүү боюнча этабы менен артыкчылыктарды белгилөө;
4) жөнөкөй өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя болгон учурда объекттерди, инфратүзүмдү жана турак жайды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн жооптуу бирдиктүү мамлекеттик органды белгилөө;
5) өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын татаал жана масштабдуу түрлөрүндө социалдык объекттерди, жашоо-тиричилик камсыз кылуучу объекттерди, инфратүзүмдү жана турак жайды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдарды белгилөө;
6) калыбына келтирүү боюнча иштерди каржылоо булактарын жана бөлүп берүүнүн артыкчылыктарын белгилөө;
7) өзгөчө кырдаалдан же өзгөчө окуядан кийин калыбына келтирүү боюнча иштерди координациялоо механизмдерин белгилөө;
8) калыбына келтирүүнүн бардык этаптарын аяктоо мөөнөттөрүн белгилөө (кыска, орто жана узак мөөнөттүү мезгилдер);
9) объектилерди, инфратүзүмдү жана турак жайды бүтүрүү жана тапшыруу тартиби.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр
4. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) калыбына келтирүү - калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча иштелип чыккан стратегиялардын жана пландардын, кызыкдар тараптардын ар тараптуу катышуусунун жана көмөктөшүүсүнүн негизинде өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын таасиринен жабыркаган калктын социалдык-экономикалык ишин, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди калыбына келтирүү;
2) калыбына келтирүү муктаждыктары - өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын таасиринен жабыркаган калктын социалдык-экономикалык ишин, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди "мурдагыдан жакшыраак кылуу" принцибин колдонуунун негизинде калыбына келтирүүгө багытталган кыска, орто жана узак мөөнөттүү чараларды көрүү зарылдыгы;
3) мурдагыдан жакшыраак кылуу - өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен бузулган социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттер жана жашоо-тиричилик сапаты жакшыртылган белгиленген курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келечектеги мүмкүн болуучу кырсыктарга максималдуу туруктуулугун камсыз кылууну эске алып, инновациялык технологияларды колдонуп, кыйла коопсуз райондорго көчүрүү мүмкүндүгү менен калыбына келтирет;
4) инфратүзүм - коомдук кызмат көрсөтүү системалары жана тармактары. Мындай кызмат көрсөтүүлөргө суу менен камсыз кылуу жана санитария, электр энергиясы менен камсыз кылуу жана инженердик коммуникациянын башка тармактары, ошондой эле чыгуулардын бардык түрлөрү үчүн транспорттук тармактар кирет;
5) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюудагы кыска мөөнөттүү калыбына келтирүү мезгили - калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасын калыбына келтирүү, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын кесепетин жоюу үчүн зарыл болгон убакыт аралыгы. Бул мезгилде келтирилген зыяндарды жана чыгымдарды баалоо жүргүзүлөт, өзгөчө кырдаалдын оордугунун даражасы жөнүндө маалыматтар түзүлөт жана катталат, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын зыянды жана чыгымдарды баалоо боюнча иши аяктайт. Узактыгы боюнча өзгөчө кырдаалдын оордугунун даражасына жана масштабына жараша 20 күнгө чейин созулушу мүмкүн (30 күн - III даражадагы оордук үчүн);
6) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудагы калыбына келтирүүнүн орто мөөнөттүү мезгили - өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерди аяктоо, өзгөчө кырдаалдын таасиринен жабыр тарткан имараттарды, үйлөрдү жана курулмаларды, инфратүзүмдү калыбына келтирүү, реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу процессине өтүү үчүн зарыл болгон убакыт аралыгы. Бул мезгилде келтирилген зыянды жана чыгымдарды толугу менен баалоо, келтирилген зыян, чыгымдар жана калыбына келтирүү муктаждыктары жөнүндө маалыматтарды каттоону системага салуу, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын баалоо боюнча иши аяктап, өзгөчө кырдаалдын таасиринен жабыр тарткан объекттерди калыбына келтирүүнүн негизги этабы башталат. Узактыгы боюнча өзгөчө кырдаалдын оордук даражасына жана масштабына жараша III даражадагы оордук үчүн - 30 күнгө чейин, IV даражадагы оордук үчүн - 120 күнгө чейин созулушу мүмкүн;
7) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда калыбына келтирүүнүн узак мөөнөттүү мезгили - объекттерди, инфратүзүмдү жана турак жайларды аяктоо жана тапшыруу боюнча иштерди жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди аяктоо үчүн зарыл болгон убакыт аралыгы;
8) кырсыктардын тобокелдигин башкаруу системасы - кырсыктардын тобокелдигин азайтууну башкаруу, координациялоо жана көзөмөлдөө үчүн институттардын, жөнгө салуулардын, саясий жана укуктук алкактардын жана башка механизмдердин системасы;
9) кырсык тобокелдигин башкаруу - кырсыктардын жаңы тобокелдиктерин болтурбоо, учурдагы кырсык тобокелдиктерин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну башкаруу үчүн туруктуулукту жогорулатууга жана кырсыктардан келтирилген зыянды азайтууга жөндөм түзгөн кырсык тобокелдигин азайтуу саясатын жана стратегияларын колдонуу.