Сравнение редакций…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 5 токтомуна
Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартиби (мындан ары - Тартип) аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкер жеке адамдардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын арасында квалификациялык экзаменди уюштуруу жана өткөрүү тартибин регламенттейт.
2. Ушул Тартип экзамендерди уюштурууга жана өткөрүүгө, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таанууга, аудитордун квалификациялык сертификатын берүүгө жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатында эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таанууга талаптарды белгилейт, алар Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча Кеңеш тарабынан чыгарылуучу билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
3. Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна экзамендер талапкерлердин квалификациясынын деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо максатында өткөрүлөт.
4. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүк жана терминдер аудитордук иш жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниде түшүнүлөт жана колдонулат.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-августундагы № 536
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 5 токтому менен бекитилди) |
Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана
бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун
квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана
аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык
сертификаттарды таануу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор