Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2024-жылдын 7-марты ПЖ № 63

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункттагы "425", "1658" деген цифралар тиешелүү түрдө "446", "2006" деген цифраларга алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жободо:

- 13-пункттун 22-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22) чарбакер коомдордо катышуучу жана акцияларды (үлүштөрдү) кармоочу катары чыгууга.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-мартындагы № 20 (3573) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров