БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-декабры № 109
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы № 84 "2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджеттик параметрлерди тактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы № 84 "2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттагы "22869559,1", "11614815,3", "3046841,5", "2608143,8", "2985862,6", "2613895,9" деген цифралар тийиштүү "22206042,4", "10394374,0", "3300289,9", "2698020,8", "3166369,6", "2646988,1" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
4) 10-пункттун 3-кичипунктундагы "Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун" деген сөздөр "Аяр" майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 12-пункттун 7-кичипунктундагы "Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда" деген сөздөр "Акниет" оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар борборунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 12-пункттун 8-кичипунктундагы "Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда" деген сөздөр "Аяр" майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 13-пункттун 1-кичипунктундагы "Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда" деген сөздөр "Акниет" оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар борборунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 13-пункттун 2-кичипунктундагы "Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда" деген сөздөр "Аяр" майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
10) 20-пункттагы "Бишкек шаарынын мэриясынын спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
12) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемесинде:
"Суммасы" графасында "1123481,0", "968312,2", "51485,7", "41957,7", "28031,9", "33693,5" деген цифралар тийиштүү "1192640,3", "953612,2", "52095,0", "42555,3", "110099,3", "34278,5" деген цифраларга алмаштырылсын;
"Шаардык бюджет", "Ленин району", "Октябрь району", "Биринчи май району" жана "Свердлов району" бөлүктөр төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"
| Шаардык бюджет |
|
|
707 | Саламаттык сактоо | Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо башкармалыгына №1 ҮМБ үчүн принтерлерди сатып алууга 79,9 миң сом суммасында, Балдар сүт азыктары ашканасы үчүн муздаткыч, компьютердик жабдууларды сатып алууга 575,0 миң сом суммасында. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүгө 2972,6 миң сом суммасында, анын ичинде: "Эмгек акы" 2111-беренеси боюнча - 2535,3 миң сом, "Социалдык фондго төгүмдөр" 2121-беренеси боюнча - 437,3 миң сом | 3627,5 |
| Ленин району |
|
|
708 | Маданият, дин жана спорт | № 5 муниципалдык аймактык башкармалыгына видео-байкоо орнотмосун оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарына 133,7 миң сом суммасында. Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 2023-жылдын 1-декабрынан тартып кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин төрагаларына келишимдик негизде акы төлөөнүн жогорулашына 609,3 миң сом суммасында | 743,0 |
709 | Билим берүү | Ленин районунун билим берүү борборуна № 26 МЧБУ үчүн интерактивдүү панель сатып алууга 239,0 миң сом суммасында, № 2 ОМ үчүн уюштуруу техникасын сатып алууга 180,0 миң сом суммасында, № 185 МЧБУнун жылытуу системасын алмаштырууга жана анын аянтын көрктөндүрүүгө 8002,6 миң сом суммасында, Билим берүү борборунун кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүгө 1424,9 миң сом суммасында: анын ичинде: 2111-берене боюнча 1215,3 миң сом, 2121-берене боюнча 209,6 миң сом | 9846,5 |
| Октябрь району |
|
|
708 | Маданият, дин жана спорт | Октябрь районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 2023-жылдын 1-декабрынан тартып кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин төрагаларына келишимдик негизде акы төлөөнүн жогорулашына 597,6 миң сом суммасында | 597,6 |
| Биринчи май району |
|
|
706 | Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | № 12 муниципалдык аймактык башкармалыгына Москва көчөсү, 121 дарегиндеги үйдү утурумдук оңдоо жумуштарына 97,9 миң сом суммасында, № 13 муниципалдык аймактык башкармалыгына Жибек Жолу көчөсү, 346-үйдүн жылуулук системасын алмаштырууга 102,2 миң сом суммасында, № 13 муниципалдык аймактык башкармалыгына Панфилов-Малдыбаев, 4-6-үй дареги боюнча балдар аянтчасын куруу үчүн 931,0 миң сом суммасында, № 15 муниципалдык аймактык башкармалыгына Профсоюз жана Буурдинский көчөлөрүнүн кесилишине гүл бакча курууга 784,3 миң сом суммасында, Муниципалдык администрациянын Биринчи май административдик районуна "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына адистештирилген техникаларды сатып алууга 25000,0 миң сом суммасында, "Тазалык" муниципалдык ишканасына адистештирилген техникаларды сатып алууга 56600,0 миң сом суммасында | 83515,4 |
708 | Маданият, дин жана спорт | Биринчи май районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 2023-жылдын 1-декабрынан тартып кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин төрагаларына келишимдик негизде акы төлөөнүн жогорулашына 467,4 миң сом суммасында | 467,4 |
| Свердлов району |
|
|
708 | Маданият, дин жана спорт | Свердлов районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 2023-жылдын 1-декабрынан тартып кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин төрагаларына келишимдик негизде акы төлөөнүн жогорулашына 585,0 миң сом суммасында | 585,0 |