Загрузка документа…
КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кегети айылдык кенештин XXVII-чакырылган кезексиз XII-отурумунун
2018-жылдын 11-январындагы № 91
Кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин кароо жөнүндө
Кегети айылдык кеңештин төрагасы А.С.Абдрахманов айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шейшеналиевдин Совет айылына кичи футбол аянтчасын курууга жер тилкесин карап берүүнү сураган кайрылуусу менен тааныштырды. Депутаттар угуп талкуулап
Кегети айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кегети айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылына кичи футбол аянтчасын курууга жер тилкесин бөлүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык реформалар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кегети айылдык Кенешинин төрагасы |
| А.Абдрахманов |