Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу ТАРТИБИ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу шарттарын жана тартибин аныктайт.

2. Ушул Тартиптин колдонулушу мамлекеттик менчик укугу төмөнкүлөрдүн негизинде пайда болгон объекттерди ээликтен ажыратууга жайылтылат:

1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айыпталуучу болуп саналган адам же болбосо сотко чейинки кылмыш-жаза өндүрүшүнүн стадиясында белгилүү бир тергөө органы тарабынан айыпталуучу менен аффилирленген жак менен түзүлгөн мүлктү мамлекеттик менчикке ыктыярдуу түрдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин, алдын ала келишимдин же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашуунун негизинде;

2) укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин алкагында келтирилген зыяндын ордун толтуруу эсебине мүлктү мамлекеттик менчикке ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин, алдын ала келишимдин же башка макулдашуунун негизинде;

3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык соттун айыптоо өкүмүнүн жана укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин натыйжалары боюнча аныкталган мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документинин негизинде;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 129-пунктуна ылайык бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюу эсебине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд тарабынан өндүрүлгөн мүлктү мамлекеттик менчикке айландыруунун натыйжасында.

3. Ушул Тартипке ылайык ээликтен ажыратылууга тийиш болгон объекттер мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.

4. Ушул Тартип менен жөнгө салынбаган объекттерди ээликтен ажыратуу маселелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жана тараптардын макулдашуусу менен жөнгө салынат.

5. Объекттерди ээликтен ажыратуу төмөнкүдөй ыкмалар менен жүргүзүлөт:

1) электрондук соода аянтчасында сатуу;

2) түз сүйлөшүү жолу менен сатуу;

3) чарбалык коомдун уставдык капиталына салым катары киргизүү;

4) муниципалдык менчикке акысыз өткөрүп берүү.

6. Механизмдер жана жабдуу, эмерек жана кеңселик жабдуу, запастар мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан соода ишинин субъекттерине андан ары комиссияга сатуу же жарандык жүгүртүүнүн жалпы эрежелери боюнча коммерциялык шарттарда сатуу үчүн адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишкананын чарбалык карамагына өткөрүп берилет.

7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулуш объектинин предметин төмөнкү жактарга ыктыярдуу жана акысыз берүү жөнүндө алдын ала келишим боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү тууралуу келишим түзүүгө укуктуу:

1) курулуш объектинин заказчысына (куруучусуна) же курулуш объектинин алдындагы жер участогунун менчик ээсине акы төлөө негизинде;

2) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна уставдык капиталын көбөйтүү эсебине акы төлөө негизинде.

8. Объекттерди сатып алуучулар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар боло алышат.

9. Акы төлөп ээликтен ажыратуу максаты үчүн объекттердин рыноктук наркы көз карандысыз баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан аныкталат. Баалоо жүргүзүүнүн заказчылары болуп мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишканасы саналат.

10. Эгерде ушул Тартиптин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык мамлекеттик менчикке өткөн объект акы төлөө менен ээликтен ажыратылган учурда, ага карата укук коргоо же көзөмөлдөө органдары тарабынан рыноктук наркына баалоо жүргүзүлсө (көз карандысыз баалоочунун (баалоочу уюмдун) отчету болгон учурда), анда баалоо жүргүзүлгөн датадан тартып 12 айдан ашпаган убакыт өткөн шартта ал сатуу максаттары үчүн пайдаланылышы мүмкүн.