Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-марты № 122
2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 690, 2025-жылдын 6-сентябрындагы № 568 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 701 токтомунун редакцясына ылайык)
Эл аралык стандарттарга ылайык келген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана анык маалыматтарды алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында малдарды жана үй канаттууларын бир убакта өткөрүүнү жана кайра эсепке алууну кароо менен 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейинки мезгилде кезектеги айыл чарбасын каттоо өткөрүлсүн.
2. 2024-жылдын 18-ноябрынан 7-декабрына чейинки мезгилде айыл чарбасын пилоттук каттоо Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо (Гүлбахор, Кичик-Алай, Күндөлүк, Майдан-Тал, Миң-Теке, Сары-Булак, Чөгөм айылдарында) жана Чек-Абад (Көчүбаев, Агроном, Жакшылык, Жар-Кыштак, Күкалапаш, Максим-Тобу, Пахтачы, Төлөйкөн айылдарында) айыл аймактарында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Краснореченский (Красная Речка айылы) жана Милянфан (Милянфан айылы) айыл аймактарында өткөрүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 690 токтомунун редакцясына ылайык)
3. 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
2) 2025-жылы айыл чарбасын каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин календардык планы 3-тиркемеге ылайык.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоонун маалыматтарын чогултууга жана жыйынтыктарын иштеп чыгууга тартылган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсацияларынын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык;
2) 2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык;
3) 2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 6-тиркемеге ылайык.
6. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мамлекеттик айыл чарба жана жамааттык чарбалары (анын ичинде окуу жайларынын, өнөр жай, транспорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчү чарбалары), дыйкан (фермердик) чарбалары, айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлердин чарбалары жана калктын жеке көмөкчү чарбалары (жамааттык бакчалар жана огороддор) айыл чарбалык каттоого алынууга тийиш;
2) айыл чарбасын каттоо жердин ээлерин жана категорияларын аныктоо үчүн жерди пайдалануу бөлүгү боюнча маалыматтарды документтик ырастоолор менен жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети айыл чарбасын каттоону уюштурууну жана координациялоону, жыйынтыктоочу маалыматтарын иштеп чыгууну жана жарыялоону камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берген эсептөөлөргө ылайык 2024-2027-жылдар мезгилинде айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, жыйынтыктарын иштеп чыгуу, жалпылоо жана жарыялоо үчүн финансылык каражаттарды жыл сайын жана өз убагында бөлүүнү карасын.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн компетенцияларынын чегинде айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетте мамлекеттик статистиканын аймактык органдары берген чыгаша сметаларына жана эсептөөлөргө ылайык аларды каржылоого каражаттарды максаттуу бөлүүнү карасын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 23 (3576) саны менен жарыяланды.