Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 420 токтомуна)
1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо ай сайын акчалай компенсациялардын өлчөмүн аныктайт жана дайындоонун тартибин белгилейт.
2. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсациялар берилет.
3. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда КМШ чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары аскердик билетинде жазуу болсо ай сайын акчалай компенсацияга (мындан ары - ай сайын компенсация) укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгы менен аныкталган бир нече негиздер боюнча ай сайын компенсацияга укуктуу адамдарга ай сайын компенсация алуу үчүн бир гана негизди тандоого укук берилет.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 420 токтомуна) 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор |