Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448 токтомуна)
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Борбор) ишин жөнгө салат.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Борбор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине түздөн-түз баш иет.
Мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) саналат.
4. Жобо Борбордун уюштуруу документи болуп саналат.
5. Борбор оперативдүү башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
6. Борбор белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка реквизиттери бар.
8. Борбордун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр цифрового образования" при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Санарип билим берүү борбору" ММ;
- расмий тилде: ГУ "Центр цифрового образования".
9. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 257.
2. Борбордун максаты, милдеттери жана функциялары
10. Борбордун максаты санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен өлкөнүн билим берүү системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат.
11. Борбордун негизги милдети билим берүү системасына маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү, Министрликтин иштеп жаткан маалыматтык системаларын ишке киргизүү, техникалык колдоо, модернизациялоо жана жаңыларын түзүү жолу менен санариптик инфраструктураны жакшыртуу болуп саналат.
12. Борбордун негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Министрликтин маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди аткаруу, аппараттык жана телекоммуникациялык жабдууларды, анын ичинде сервердик жабдууларды колдоо;
- Кыргыз Республикасынын маалыматты коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Министрликтин маалыматтык системаларында маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- билим берүү уюмдарынын санариптик инфраструктурасын жакшыртууга багытталган маалыматтык системаларды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык колдоо;
- менчигинин түрүнө карабастан бардык типтеги билим берүү уюмдары үчүн бирдиктүү электрондук почта сервисин иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык колдоо;
- Министрликтин маалыматтык системаларына билим берүүнүн бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдары тарабынан киргизилүүчү маалыматтардын толуктугун камсыз кылуу;
- маалыматты ведомстволор аралык пайдалануу жана маалыматтык системалардын маалыматтарын толтурууну автоматташтыруу үчүн Министрликтин автоматташтырылган маалыматтык системаларын башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базалары менен интеграциялоону камсыз кылуу;
- санариптештирүү жаатындагы долбоорлорго жана сунуштарга экспертиза жүргүзүү;
- Министрликтин санарип продукттары боюнча шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын/бөлүмдөрүнүн бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын жооптуу кызматкерлери үчүн оффлайн жана онлайн окутууларды уюштуруу;
- Министрликтин башка мекемелеринин же ишканаларынын санариптик долбоорлорун ишке ашырууну контролдоо;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга, анын ичинде программалык продукттардын жана сервистердин функционалдык шайкештигин камсыз кылууга катышуу;
- маалыматтык системаларды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук жана уюштуруу-тескөөчү документтеринин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- маалыматтык системалар үчүн эксплуатациялоо системаларын, сервистик тейлөөнү жана кадрларды даярдоо системаларын иштеп чыгуу;
- маалыматтык технологиялар жаатында маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана ишке киргизүү долбоорлорунун мамлекеттик заказчысынын функцияларын ишке ашыруу;
- маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында илимий-изилдөө жана инновациялык иштерди жүргүзүү.