Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

2024-жыл 25-марты №16

 

«Токтогул шаардык кеңеши» мекемесин кайра түзүү жөнүндө

         

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы, токтом кылат:

 

1. Токтогул шаардык кеңешинин курамына Жаңы-Жол айыл аймагынын Айылдык кеңеши  кошулганына байланыштуу “Токтогул шаардык кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде:  «Токтогул шаардык кеңеши» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Токтогульский городской кенеш"                                               

Кыскартылган фирмалык аталышы:

  - Мамлекеттик тилде:”Токтогул ШК” м-и;  

   - Расмий тилде: У-е “Токтогульский ГК”;

2. “Токтогул шаардык кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет)

 

3. «Токтогул шаардык  кенеши» мекемесинин Жобосу тиркемеге ылайык  бекитилсин.

 

4. “Токтогул шаардык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул шаары, Черноткач көчөсү №05  болуп аныкталсын.

 

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат

 

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

7. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

9.Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

 

Төрага:

 

М.Т. Борбугулов  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТЕМ

Токтогул райондук мамлекеттик

администрация башчысы-аким

_________________А.А.Тюкебаев

 

“25”март 2024-жыл

 

Өткөрүп берүү актысы

«20» март 2024-ж. Токтогул шаары           

 

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 29-январындагы №37 буйругу менен түзүлүп бекитилген төмөндөгү комиссия курамы:

Н. Кожобергенов - комиссиянын төрагасы,

А.Таштанов - комиссиянын катчысы,

Б. Болгонбеков - комиссиянын мүчөсү,

К. Жуманазаров – комиссиянын мүчөсү,

А. Орозбаев – комиссиянын мүчөсү,

Б. Усенканов – комиссиянын мүчөсү,

К. Кудакеев – комиссиянын мүчөсү

төмөндөгүдөй Өткөрүп берүү актысын түздүк.

Жаңы-Жол айылдык кеңеши Токтогул шаардык кеңеши мекемесинин курамына өткөндүгүнө байланыштуу Токтогул шаардык кеңеши болуп кайра түзүлүп, мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып, мекемелердин бардык укуктары жана милдеттери укук улантуучуга өтөт деп эсептелинсин, атап айтканда:

Мекеме төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчүгө өткөрүп берет:

1.1. Мекеменин уюштуруу документтерин.

1.2. Мекеменин ички документтерин .

Ушул Өткөрүп берүү актысына ылайык, Мекеменин бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.

Мекемелер өткөрүп берет, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.

Бул Өткөрүп берүү актысына Мекемеден көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлөт.

 Тиркеме:    баракта.

 

________________________________Н. Кожобергенов - комиссиянын төрагасы,

________________________________А.Таштанов - комиссиянын катчысы,

________________________________Б. Болгонбеков - комиссиянын мүчөсү,

________________________________К. Жуманазаров – комиссиянын мүчөсү,

________________________________А. Орозбаев – комиссиянын мүчөсү,

________________________________Б. Усенканов – комиссиянын мүчөсү,

________________________________К. Кудакеев – комиссиянын мүчөсү

 

 

Өткөрүп берди                  

 Жаңы-Жол айылдык

кеңешинин төрагасы

 Т.К.Өзүбеков

_____________________

 

 

Өткөрүп алды

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы

М.Т.Борбугулов

____________________