Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 139 токтомуна)

 

Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү ЭРЕЖЕЛЕРИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Бул Эрежелердин жөнгө салуу чөйрөсү жана колдонуу чектери

1. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) маалыматтарды берүү оператору менен маалыматтарды берүү абонентинин ортосундагы укуктук мамилелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү тартибин аныктайт.

2. Бул Эрежелердин колдонулушу төмөнкүлөргө карата жайылтылбайт:

- абонент менен мобилдик уюлдук байланыш операторунун/көчмө радиотелефон байланыш тармактарында маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүчү көчмө радиотелефон байланыш тармагынын операторунун ортосунда пайда болгон мамилелерге;

- бир электр байланыш оператору тарабынан экинчи электр байланыш оператору үчүн байланыш каналдарына, анын ичинде Интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен байланышкан электр байланыш операторлорунун ортосунда пайда болгон мамилелерге;

- маалыматтарды берүү оператору менен абоненттин ортосунда анын Интернет тармагын колдонуусуна байланыштуу пайда болгон мамилелерге.

3. Маалыматтарды берүү оператору алынган лицензияга жана Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды берүү тармагынын иштешин камсыз кылууга милдеттүү.

4. Бул Эрежелердин жалпы жана атайын ченемдеринин ортосунда атаандаштык пайда болгон учурда жалпы ченем колдонулат.

2-глава. Терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар

5. Бул Эрежелерде колдонулуучу терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар:

маалыматтарды берүү абоненти (абонент) - маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөн, жекелештирүү жол-жобосунан ийгиликтүү өткөн жеке же юридикалык жак;

маалыматтарды берүү тармагынын абоненттик линиясы (абоненттик линия) - абоненттик терминалды маалыматтарды берүү тармагы менен кошкон байланыш линиясы;

абоненттик акы - маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимге ылайык абоненттин тарифтик планында каралган эсептик мезгилдин ичинде кызмат көрсөтүү үчүн төлөм;

абоненттик терминал - маалыматтарды берүү тармагына кошулуу үчүн абонент пайдаланган колдонуучу (соңку) жабдуу;

автоматташтырылган эсептешүү системасы (АЭС) - маалыматтарды берүү боюнча абонентке көрсөтүлгөн кызматтарды эсепке алуу операцияларын автоматтык түрдө аткаруу жана аларды тарифтөө, ушул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн арналган программалык-аппараттык комплекс, ошондой эле абоненттик терминалды орнотуу дареги, абоненттик терминалдын идентификациялык коду;

маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим (келишим) - оператор менен абоненттин ортосунда түзүлүүчү макулдашуу;

инсандыгын ырастоочу документ - инсандыгын ырастоочу документтерге Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), кайрылмандын күбөлүгү, чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдын күбөлүгү кирет;

арыз ээси - жекелештирүү жол-жобосунан өтүү жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү үчүн ушул Эрежелерде белгиленген тартипте маалыматтарды берүү операторуна кайрылган жеке жана юридикалык жак;

тейлөө зонасы - маалыматтарды берүү оператору өзүнүн электр байланыш тармагынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө кепилдик берген аймак;

контент - маалыматтарды берүү кызматтарынын мазмундук бөлүгү (тексттер, видео, аудио, графикалык сүрөттөр, фотосүрөттөр жана башка каалаган мазмун);

өздүк кабинет - маалыматтарды берүү оператору тарабынан берилген идентификаторлордун жардамы менен маалыматтарды берүү абонентине маалыматтарды берүү кызматтарын колдонуу жана башкаруу (анын ичинен өздүк эсептин абалы, тарифтик планды алмаштыруу, бөгөт коюу) тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк берген сервис;

маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсеби - маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим боюнча маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн акы төлөө эсебине киргизилген акча каражаттарынын түшүүсүн жана чыгымдалуусун эсепке алуу үчүн арналган маалыматтарды берүү операторунун автоматтык эсептешүү системасында катталган абоненттин жеке номери;

маалыматтарды берүү оператору (оператор) - электр байланыш тармагын иштеткен жана маалыматтарды берүү боюнча ишке лицензиясы бар жеке жана юридикалык жак;

маалыматтарды берүү - андан ары эсептөөчү техника каражаттары менен иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды берүү каналы (маалыматтарды берүүнүн өткөргүчсүз жана өткөргүч каналдары) боюнча санариптик бит агымын берүү;

жекелештирүү - маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү үчүн арыз ээси берген анын идентификациялык маалыматтарын маалыматтарды берүү операторунун маалымат базасына киргизүү жол-жобосу жана тартиби;

маалыматтарды берүү тармагына уруксат берүү - маалыматтарды берүү тармагына абоненттик терминалды кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтарды берүү операторунун иш-аракеттеринин жыйындысы;

маалыматтарды берүү абоненти жөнүндө маалымат - жеке жак үчүн: аты-жөнү, туулган датасы, инсандыгын ырастоочу документтин аталышы, сериясы жана номери, берилген датасы, берген органдын аталышы; - юридикалык жак үчүн: юридикалык жактын толук аталышы, жетекчинин аты-жөнү, жайгашкан жеринин дареги;

маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө маалымат - автоматташтырылган эсептешүү системасында (АЭС) камтылган жана конкреттүү абонентке көрсөтүлгөн кызматка жана анын абоненттик терминалына тиешелүү маалымат;

маалыматтарды берүү тармагы боюнча туташтыруу (байланыш сеансы) - маалыматтарды берүү абонентине маалыматтарды берүүгө жана (же) кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү абоненттик терминалга чейин маалыматтарды берүү операторунун маалыматтарды берүү тармактарынын ийгиликтүү түзүлгөн техникалык өз ара аракеттенүүсү;

аралыктан жекелештирүү системасы - арыз ээсин аралыктан анык идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды берүү операторунун программалык каражаттары (мобилдик тиркеме, веб-сайт ж.б.);

маалыматтарды берүү тармагына кирүүгө уруксат берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгү - маалыматтарды берүү операторунда анын тейлөө зонасында абоненттик терминалды маалыматтарды берүү тармагына кошуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу, анын ичинде бош ресурстардын болушу (маалыматтарды берүү тармагынын абоненттик линиясы);

тарифтик план - маалыматтарды берүү операторунун маалыматтарды берүү кызматын колдонууну сунуштаган баа шарттарынын жыйындысы, аларды берүү жана тарифтөө өзгөчөлүктөрү;

маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү - маалыматтарды берүү тармагы аркылуу сигналдарды кабыл алуу, берүү, иштеп чыгуу.